Кыргызстан Европанын авиациялык "кара тизмесинен" 2026-жылы чыгарылат деп күтүлүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” 2026-жылдын май айында чыгарылат деп күтүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анын сөзүнө ылайык, Кыргызстан 2023-2024-жылдары Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөн.

“Жарандык авиация агенттиги бул процесстин акыркы баскычына келди. Ушул жылдын 7-8-октябрь күндөрү агенттиктин делегациясы Брюсселге барып Еврокомиссия менен жолугушууларды өткөрөт. Анда биздин реформалар, кабыл алынган чаралар менен жыйынтыктар сунушталат. Еврокомиссия декабрда Кыргызстанга келип жыйынтыктоочу аудит өтөт. Анын жыйынтыгында 2026-жылдын май айында Еврокомиссиянын Транспорт комитети Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу чечимин кабыл алат”, - деди Канат Төлөгөнов.

Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда “Нарын” жана “Казарман” аймактык аэропортторунун оңдоп-түзөөдөн соң ишке берилишине арналган иш-чарада Кыргызстанды Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгаруу иши аяктап калганын айткан.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам өңдүү шаарларга түз учуп турган. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарына 81 млн 500 миң доллар саттыКыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталадыШаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алындыЖКда өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулдуДүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алдыАКШ менен Кытай TikTok боюнча алдын ала макулдашууга келди