Маалыматтарга караганда, 16-сентябрга караган түнү бою ЦАХАЛ Газа шаарын бомбалады. Америкалык Axios сайты Израилдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме менен армия тилкенин ири калаасын ээлеп алуу үчүн жердеги операциясын баштаганын жазды.
16-сентябрда эртең менен Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Газада операция башталганын ырастап, армия тилкедеги "террористтик жайларга сокку уруп жатканын" айтты.
Миңдеген киши агылган Газанын борбордук бөлүгүнө да соккулар урулганы кабарланды. Палестинанын расмий адамдары каза тапкандар менен жарадар болгондордун саны өскөнүн билдирүүдө.
Өткөн айда Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Газа шаарын ХАМАС радикал уюмунун (АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган) согушкерлеринен кайтарып алуу планын жактырганы кабарланган. Ошондон бери ЦАХАЛ анын жака белине танктарын жайгаштырып, операциянын биринчи баскычын баштаган.
Жүз миңдеген киши башкалкалаган калаа тынымсыз бомбаланып келатат. Армия жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз тилкелер түзүлгөнүн айтканы менен газалыктар качкындар лагерлери толуп калганын, барар жери калбаганын айтууда.
БУУ жана гуманитардык уюмдар анклавда абал начарлаганын кайталап келатышат. Августта шаарды ачарчылык тооруганын глобалдык мониторинг тобу расмий жарыялаган.
Израилдин бул жолку операциясы АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун сапарына туш келди.
Америкалык башкы дипломат Нетаньяху менен жолугушууда Вашингтон Тел-Авивди бекем колдой турганына ишендирди. Жекшембиде жолго аттанардын алдында Рубио үч күндүк сапар учурунда Вашингтон жоочулардын колундагы 48 кишини кайтаруу жолдорун, анклавды кайра куруу маселесин көтөрөрүн айткан.
Барымтадагы кишилердин 20 чактысы тирүү деп болжолдонууда. Рубио ЦАХАЛдын Катардын башкалаасы Дохага урган соккусу да талкууланарын кошумчалаган. Израилден кийин ал Катарга жол тартты.