Орусияга караштуу Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун Телеграм-каналында 15-сентябрдын кечинде ырчы Алла Пугачеваны айыптаган билдирүү жарыяланды.
Анда Кадыров жакында чыккан маегинде Украинадагы согушту жана Орусиянын бийлигин сындаган Пугачеваны "эл душманы, чыккынчы" деп атаган.
Кадыров 1991-96-жылы Чеченстандын президенти болгон жана чечен жикчилдеринин башында турган Жохар Дудаевдин киши колдуу болушу тууралуу Пугачеванын оюн сындап чыкты.
Алла Пугачеванын журналист Катерина Гордеевага берген маеги 10-сентябрда чыгып, миллиондогон киши көрүп жатат. Үч сааттан ашкан маекте ырчы Дудаев тууралуу да кеп кылып, аны "сыпаа, адептүү, маданияттуу жана сымбаттуу киши" катары сыпаттаган.
Кадыров өзүнүн постунда "Пугачева чечен эли үчүн эң кыйын кезең тууралуу аңкоодой ой жүгүртөт" деп жазды. Дудаевди "текебер болчу, чечен элинин көйгөйлөрүнө көңүл кош мамиле кылган" деп сындады. 1994-жылы чечен согушун "Березовский сыяктуу Пугачевага окшош саткындар баштаган" деди.
Рамзан Кадыровдун өзү Чеченстандагы 1994-96-жылдардагы биринчи согуш учурунда Дудаевдин жетекчилиги алдында федералдык күчтөргө каршы согушкан. Анын атасы Ахмат Кадыров Чеченстандын муфтийи жана Дудаевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири болчу. Кийинчерээк ал баласы менен бирге Орусия тарапка өтүп, жикчилдерге каршы чыккан.
Кадыров Пугачеванын башка билдирүүлөрүнө комментарий берген эмес. 2015-жылы Рамзан Кадыров Пугачеваны "жалпы элдин сүйүктүү ырчысы" деп атаганы белгилүү.
76 жаштагы Алла Пугачева маегинде согушка дайыма каршы болгонун белгилеген: "Согуш кимге жаксын? Эч кимге. Өзгөчө, боордоштор менен согуш", - деп айткан. Ал 2022-жылдын февралында Москва Украинага басып киргенде күйөөсү Максим Галкин "чет элдик агент" деп табылгандан кийин Орусиядан чыгып кеткенге аргасыз болгонун билдирген.
Кремл ырчынын интервьюсуна байланыштуу үн ката элек.