Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Украина: Орусиянын соккуларынан киши өмүрү кыйылды, ондон ашууну жараат алды


Киев облусу Орусиянын соккусунан кийин. 16-сентябрь, 2025-жыл
Киев облусу Орусиянын соккусунан кийин. 16-сентябрь, 2025-жыл

Орусиянын армиясы 16-сентябрга караган түнү Украинанын Запорожье аймагына онго чукул сокку урду, бир киши каза таап, 13ү жараат алды. Жараат алгандардын экөө 4 жана 17 жаштагы балдар. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Украин тарап Орусия бул соккулар үчүн "Торнадо-С" реактивдүү системасын колдонгонун айтып жатат. Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров соккулар шаардын Коммунарск жана Шевченков райондоруна урулганын кабарлады. Көп кабаттуу 10 үй, 12 жер тамга зыян келтирилген. Үч турак үйдү, автоунаа токтотуучу жайда турган эки жүк ташуучу машинени, техникалык тейлөө станциясын өрт чалды.

Николаев облусунда ферма аткыланып бир киши каза тапканын украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Соккуга Киев, Сумы, Харьков, Донецк жана Херсон облустары да кабылды. Орус армиясы 16-сентябрга караган түнү Украинаны көздөй 113 дрон учуруп, анын 89у жок кылынган.

Зеленскийдин маалыматына караганда, сентябрь айы башталгандан бери Украинага 3500дөн ашуун дрон, 190дой ракета жана 2500дөн ашык авиациялык бомба менен сокку урулду.

"Биздин өнөктөштөргө каршы да чагымдар болду. Бул Украина биргелешип коргонууну сунуштаган аба террорунун өзү", – деди ал соцтармактагы билдирүүсүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү 87 украиналык дронду атып түшүргөнүн жарыялады. Белгород облусунда чабуулдан бир киши кайтыш болгонун аймактын башчысы Вячеслав Гладков маалымдады. Ростов облусунда беш район: Миллеров, Чертков, Шолохов, Боков жана Верхнедонск райондору чабуулга кабылды. Верхнедонскиде дрон сыныгы түшкөн жерде кургак чөп күйүп, өрт өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин Ростовдун губернатору Юрий Слюсар билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG