Эл аралык миграция уюму тажик жарандарына жапон тилин окута баштады

Орусиядагы тажик мигранттары. Азыркы учурда тажик мигранттарынын эң көбү Орусия менен Казакстанда.

Эл аралык миграция уюму июль айынан тартып Тажикстандын жарандары үчүн алты айлык жапон тили курстарын ачты. Тилден сырткары ал жерде жапон маданияты, тарыхы боюнча да маалымат берилет.

12-сентябрда Жапониянын Душанбедеги элчиси Кейко Фуруда Тажикстандын Миграция кызматынын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Жапон өкмөтү өлкөдөгү демографиялык кырдаалдан улам былтыр беш жыл ичинде чет өлкөлөрдөн 800 миңдей жумушчуну кабыл алуу программасын кабыл алган. Ал программага ылайык, канча миң тийиштүү кесип ээлери, жумушчулар транспорт, токой, кийим тигүү жана башка тармактарга ишке алынары так эсептелип пландалган.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын соккуларынан киши өмүрү кыйылды, ондон ашууну жараат алды Рамзан Кадыров Алла Пугачеваны "эл душманы" деп атады УКМК аткезчилик менен алып келинген дарылар сакталган кампа табылганын билдирдиӨзбекстандын президенти мектеп, университеттерде кытай тилин окутууга тапшырма берди