БУУнун комиссиясы: Газадагы геноцид үчүн Израилдин жогорку жетекчилиги жооптуу

Газа шаарынан качууга аргасыз болгон палестиналыктар. 15-сентябрь 2025-жыл

ЦАХАЛ Газа шаарын өз көзөмөлүнө алуу үчүн жер операциясын баштады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жапырт чабуул тууралуу маалыматты бышыктады. Ага чейин тилкенин эң ири шаары тынымсыз бомбаланып келген.  

Гуманитардык уюмдар шаарды алуу операциясы ансыз да абал курчуп турган Газаны апаат коркунучуна кептейт деп тынчсызданышат. 16-сентябрда Улуттар Уюмунун комиссиясы израилдик аскерлер палестин анклавында геноцидге барган деген жыйынтыкка келди. Израилдин бийлиги бул айыптоону четке кагууда.

Шейшембиге караган түнү палестин анклавындагы эң ири калааны алуу операциясы башталганын биринчи болуп америкалык Axios сайты Израилдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме менен жазды. Журналисттер маалымдагандай, 15-сентябрда кечинде жана түн ичинде Газа жапырт бомбаланды. Анын артынан палестин маалымат каражаттары шаарга танктар киргенин кабарлашты.

Шейшембиде эртең менен Израилдин коргоо министри Исраэл Кац маалыматты бышыктап, армия “террорчулардын инфраструктурасына” сокку уруп жатканын жазды:

"Газа өрттөнүп жатат. ЦАХАЛдын аскерлери барымтадагыларды бошотуу жана ХАМАСты жок кылууга шарт түзүү үчүн эрдик менен күрөшүүдө. Биз максатыбызга жетмейинче чегинбейбиз жана багынбайбыз".

Миңдеген киши агылган Газанын борбордук бөлүгүнө да соккулар урулганы кабарланды. Палестинанын расмий адамдары каза тапкандар менен жарадар болгондордун саны өскөнүн билдирүүдө.

Өткөн айда Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Газа шаарын ХАМАС радикал уюмунун согушкерлеринен кайтарып алуу планын жактырганы кабарланган. Ошондон бери ЦАХАЛ анын жака белине танктарын жайгаштырып, операциянын биринчи баскычын баштаган. Болжол менен бир миллиондой киши башкалкалаган калаа тынымсыз бомбаланып келатат.

Газаны бомбалоо уланууда. 16-сентябрь 2025-жыл

Шейшембиге караган түнү көп кабаттуу дагы бир турак жай бутага алынганда ондогон киши жабыркаганын күбөлөр менен медициналык кызматкерлер маалымдашты. Ал чабуулдан Абу Закуттун туугандары өмүр менен кош айтышты:

"Үч кабат эки үй урап калды. Ал жерде Абу Мохаммед Хамад жана таякем Абул Камал үч баласы, неберелери менен жашачу. Алар ошол маалда үйдө болчу. Балдарда эмне күнөө бар? Улам бир жерде адамдардын мүчөлөрүн таап жатабыз. Түнкү үчтөн бери аман калгандарды издөө менен алекпиз".

Армия жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз чөлкөмдөр түзүлгөнүн айтканы менен газалыктар качкындар лагерлери толуп калганын, барар жери калбаганын айтууда.

Израилдин бул жолку операциясы АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун сапарына туш келди. Америкалык башкы дипломат Нетаньяху менен жолугушууда Вашингтон Тел-Авивди бекем колдой турганына ишендирди.

АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу шаардагы имараттарды жана жергиликтүү жашоочуларды калкан катары пайдаланганын танууда. 16-сентябрда уюм Газа шаарына коюлган чабуул катардагы палестиндердин гана эмес туткундагы израилдик жоокерлердин өмүрүн тобокелге салып жатканын билдирди.

ХАМАС ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трампты “кош стандарт” мамиле кылганы үчүн сындады.

Дүйшөмбүдө Трамп жоочулар барымтадагы адамдарды “тирүү калкан катары колдонгону” жатат деген кабарларды окуганын жазып, андай кадамдын арты ХАМАС үчүн олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертти.

Газа шаарына жерден чабуул башталганы белгилүү болгондон кийин барымтага алынган израилдиктердин үй-бүлөлөрү жана санаалаштары Нетаньяху өкмөтүн ок атууну токтотууну макулдашууга чакырып, нааразылыгын билдиришти. Алардын бири Анат Ангресстин уулу Матан согушкерлердин туткунунда отурат:

"Биз өткөн түнү бул жерге келдик. Газаны бомбалоо күчөгөнүн уктук. Ал жакта биздин балдарыбыз бар. Премьер-министр Нетаньяху аларды куткаруунун ордуна бомбалап жатат. Ал сүйлөшүүлөрдү каалабайт, балдарыбыздын тирүү кайтып келүүсүн каалабайт, ошол жерде түбү менен жок болсун дейт".

БУУнун комиссиясы: Газадагы геноцид үчүн Израилдин жогорку жетекчилиги жооптуу

Гуманитардык уюмдар шаарды алуу операциясы ансыз да абал курчуп турган, азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жетпеген шаарды апаат коркунучуна кептейт деп тынчсызданышат. Августта ал жерди ачарчылык тооруганын глобалдык мониторинг тобу расмий жарыялаган.

16-сентябрда Улуттар Уюмунун оккупацияланган палестин аймактарындагы окуяларды иликтеген көз карандысыз комиссиясы Израил Газада геноцидге барган деген жыйынтыкка келди. Докладда айтылгандай, ЦАХАЛ 1948-жылкы конвенцияда тукум курут деп таанылган аракеттерди жасаган. Атап айтканда: адам өлтүрүү, оор залака же психикалык зыян келтирүү, палестиналыктарды жарым-жартылай же толугу менен жок кылуу үчүн атайылап оор шарт түзүү, балдардын төрөлүүсүнө бут тоскон чара көрүү.

Андан тышкары комиссия Израилдин Газадагы операциясы маалында анклав блокадага алынып, гуманитардык жардам бөгөттөлүп, элдин ачарчылыкка, тилкенин саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларынын талкаланышына алып келди, сексуалдык зомбулук учурлары катталган, балдарга түздөн-түз чабуулдар коюлган деген бүтүмүн жарыялады.

Газа тилкесиндеги жер которгон үй-бүлө. 28-август 2025-жыл

Иликтөөнү жетектеген Нави Пиллэй ал “коркунучтуу кылмыштар” үчүн жоопкерчилик “Израил бийлигинин жогорку жетекчилигине” жүктөлөрүн билдирди. Комиссия геноцидге Нетаньяху жана дагы эки аткаминер шыкактаган деп эсептейт:

"Нетаньяху 7-октябрда жасаган билдирүүсүндө “карасанатай шаар” деген сөздөрдү колдонгон. Ал бүтүндөй Газа шаарын жооптуу жана өч алуу объектиси деп эсептегенин көрүүгө болот. Согушкерлер менен карапайым кишилерди айырмалабай туруп, бардык жерде күч колдонорун эскерткен, барар жери жок экенин билип, Газадагы палестиналыктарды чыгып кетүүгө чакырган. Нетаньяху мына ушундай".

2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуудан кийин өзүн коргоого укуктуу экенин айтып келаткан Израилдин Тышкы иштер министрлиги доклад “ХАМАСтын жалган маалыматтарына негизделгенин” айтып, комиссияны таркатууга үндөдү.

Мындан эки жыл мурун ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.

Израил тилкени радикал топтон тазалоо максатында согуш баштап, абадан, жерден сокку уруп келет. Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 64 миңден ашуун киши каза тапканын өткөн жекшембиде маалымдады.