Болгарияда 2020-жылы Бейрутта болгон катуу жарылууга себепчи болгон Rhosus кемесинин ээси, орусиялык ишкер Игорь Гречушкин камакка алынды. Бул тууралуу Associated Press (АР) агенттиги кабарлады. Жарылуу 200дөн көп кишинин өмүрүн алып кеткен.
Агенттиктин булактары айтып бергендей, Гречушкин өткөн аптада Кипрден Софиянын аэропортуна келгенде кармалган. Ишкерде Кипрдин жарандыгы да бар.
Мындан беш жыл мурун Ливандын соту Интерпол аркылуу аны жана сөз болгон кеменин капитаны, орус жараны Борис Прокошевди камоо ордерин берген.
AP ушу тапта Гречушкинди Ливанга өткөрүп берүү өтүнүчү каралып жатканын маалымдады.
2020-жылдын августунда Бейрут портундагы кампада катуу жарылуу болгон. Ал жайда бир нече жыл бою Rhosus кемесинен 2013-жылы конфискацияланган үч миң тонна аммиак селитрасы сакталып келген.
Жарылуунун эпкини порттун бир бөлүгүн жана шаардагы турак жайларды талкалаган.
Ал маалда Ливандын премьери болуп турган Хассан Диаб кырсыкка аммиакты туура эмес сактоо алып келгенин билдирген.
Бир да аткаминер трагедияга байланыштуу сот жообуна тартылган эмес.