Эл аралык миграция уюму июль айынан тартып Тажикстандын жарандары үчүн алты айлык жапон тили курстарын ачты. Тилден сырткары ал жерде жапон маданияты, тарыхы боюнча да маалымат берилет.
12-сентябрда Жапониянын Душанбедеги элчиси Кейко Фуруда Тажикстандын Миграция кызматынын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Жапон өкмөтү өлкөдөгү демографиялык кырдаалдан улам былтыр беш жыл ичинде чет өлкөлөрдөн 800 миңдей жумушчуну кабыл алуу программасын кабыл алган. Ал программага ылайык, канча миң тийиштүү кесип ээлери, жумушчулар транспорт, токой, кийим тигүү жана башка тармактарга ишке алынары так эсептелип пландалган.
Дагы караңыз
Шерине