Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева беш айдан бери Алматыдагы Улуттук госпиталда жатат. Бул тууралуу ооруканадан BES.media сайтына билдиришти.
Президенттин иш башкармалыгына караштуу госпиталдын өкүлдөрү бейтап «тажрыйбалуу адистердин көзөмөлүндө» дарыланып жатканын айтышты. Анын диагнозу жана саламаттыгына байланышкан башка маалымат дарыгерлик сыр катары ачыкка чыгарылбайт деп белгиленди.
Өткөн айда казакстандык айрым медиа каражаттары 84 жаштагы Сара Назарбаеванын абалы оор болуп жатканын, атүгүл көз жумганын жазып жиберишкен. Биринчи президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай ошондо Назарбаеванын өлүмү тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган.
Июлда бейтаптын ооруканада дарылануусун улантып жатканы маалымдалган.