Президент Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү мыйзамына кол койду

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзамга 17-сентябрда кол койду.

Мамлекет башчынын сайтындагы маалыматка караганда, “мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкөл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет».

Мыйзам долбоору быйыл 10-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 9-сентябрдагы отурумунда шаардын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулаганда Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев сунушту жергиликтүү тургундар бергенин айткан.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август - Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Жалал-Абад облусуна 10 миллиард сом каралганын билдирген. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы бул шаарга 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн.

Ушул тапта шаардын калкы 184 миңден ашат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Дагы караңыз

Спикер парламентти кезексиз таркатууну колдоду: Шайлоо качан болот? Сот “Клооптун” мурдагы операторлорун беш жылдан абакка кестиЦАХАЛ Газанын жашоочуларын шаардан чыгып кетүүгө чакырды