Украина 18-сентябрга караган түнү Орусиянын кезектеги согуштук дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Киев облустук администрациясы Николай Калашниктин айтымында, облус аймагындагы Бориспол шаарында "Шахед" учкучсуз учактарынын бир нече кампада өрт чыкты.
Буча районунда турак үй өрттөнгөнү маалымдалды.
Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын түндүк тарабындагы Оболон аймагында абадан коргонуу системасы иштегенин Телеграм каналына жазды. Суспiльне басылмасы Киевде жарылуу болгону угулганын кабарлады, мониторинг жүргүзүүчү топтор "Шахед" дрондору Киевди көздөй чыгыштан, батыштан жана түштүктөн учурулганын жазышты.
Полтава облусунун Миргород районунда Орусиянын кезектеги соккусунан темир жолдун иши убактылуу үзгүлтүккө учураганын, адамдар арасында жабыркагандар бар экенин "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Дрон чабуулуна кабылганын 18-сентябрда орусия да билдирди. Росавиация мекемеси Волгоград шаарындагы аэропортту убактылуу жапканы маалымдалды.
Жергиликтүү басылмалар Волгоград облусунун аймагында украиналык учкучсуз учактар кармалганын, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун биринде "өзгөчө абал" жарыяланганын жазышты. Бул ишкана жана жанындагы мунай базасы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган. (RK)