Мунун алдында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаарчаны куруп жаткан компанияны, жетекчисин кескин сынга алган. Көп өтпөй Садыр Жапаров ага катуу сөгүш берген. Ак үйдөгү ишенимдүү булактар Токторбаев мындай жазаны "Ош Ситинин" курулушун текшерип баргандан кийин алганын билдиришкен.
Деген менен шаарчаны куруп жаткан "Бизнес хаус кг" компаниясы кантип тандалып алынган, жетекчилери ким, алардын артында кимдер турушу мүмкүн дегендей суроолор жаралды.
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына "Ош Сити" долбооруна байланыштуу соңку маалыматтарды жазды. Анда бардык иш планга ылайык кетип жатканын президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия аныктаганын билдирди. "Бизнес хаус кг" компаниясы он миллиондогон доллар инвестиция салганын кабарлады.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери өз нугунда жана план боюнча жүрүп жатканы аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин 1435 батир жана коммерциялык жай сатылып, андан 13,2 млн доллар каражат түшкөн. Компания долбоорго өз каражатынын эсебинен 57,8 млн доллардан ашык инвестиция жумшаган. Компания тарабынан социалдык объектилер курулуп, аларды мамлекетке өткөрүп берүү милдеттендирилген. 2025–2030-жылдары миң батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, 350 орундуу төрөт үйү, 2000 орундуу мечит, 16,5 чакырым жол, 4,6 гектарга парк, 700 орундуу мектеп курушат. Жаңы-Барак айылында көп кабаттуу турак үйү түшөт, шаардагы мектептердин терезелерин жаңылоо, спорт аянтчалары, туннель, тротуарлар жана башка жумуштар аткарылат. Мындан тышкары, мамлекетке 27 даана атайын техника тапшырылат. Бул иштердин жалпы наркы 283 миллион 101 миң 926 долларды түзөт. Ошондуктан, урматтуу кардарлар, эч кандай кооптонуунун зарылчылыгы жок. "Ош Сити" долбоорундагы иштер белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда", - деп жазды Орунбеков.
"Ош Ситинин" айланасындагы талаш-талкуу 13-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин текшерүүсүнөн улам башталган. Анда Токторбаев курулуш кечеңдеп жатканын кескин сынга алган. Мындан улам ал Улуттук коопсуздук комитети компаниянын жетекчилерине өлкөдөн чыгуусуна тыюу салышы керектигин да айткан.
"Көңүл жылытарлык, кубана турган жумуш жок. 2 миң батир сатылганын айтып жатат. Анын 1050сү дээрлик накталай акчага, 100% сатылып жатат. Азыркы баасы менен алганда, орто эсеп менен эсептегенде 30 млн долларга саттыңар. Бул жерде 5 млн долларлык жумуш жок. Силер менен тең баштагандар тапшырайын деп калышты. Жумуш жакшы эмес. Жетекчи кызматтагылардын баарын УКМКга кат жазып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салыш керек, булар чыкпаш керек. Мен эки жолу келип, силерди тапкан жокмун. Ташкент, Наманган, Бишкекте жүрөсүңөр, минтип жүрсөңөр иш болмок беле. Минтип крандарды коюп койсоңор эл ишенип атат да", - деген Токторбаев.
Токторбаев ошол жерден мэриядагы тиешелүү адистерге кайрылып, курулуштун жүрүшүн такай текшерип турууну тапшырган.
Оштун мэри мындан көп өтпөй шаарчадан батир алып жаткан жарандар менен жолукканы белгилүү болгон. Анда чогулгандарга президенттин тапшырмасы менен анын Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев текшерип кеткенин жарыялаган.
"Буларды жаап кетейин, же иштебесин деген маселе жок. Мына, бир жылдан бери иштеп жатышат, бирок бир жолу басып келген жокмун, бир басып келип, буйрук берген жокмун. Булар менен тең баштагандар 12-кабатты бүтүрүп, үстүн жаап жатат. Мен анан келүүгө аргасыз болдум. Биз Бишкектен комиссия чакырдык, келди. Урматтуу президентибиз комиссия жибериптир, Каныбек Туманбаев, Нурдан Орунтаев келди. Алар келди, сүйлөштүк. Булар макул болушту. Эсептеринде көп эмес, азыраак акча бар экен. Азыр эми буларды ар апта сайын айдайм. Алар ар бир 15 күндө бирден этажды бүтүрүп турушу керек".
Мындан кийин эле Токторбаевге президент катуу сөгүш бергени ачыкка чыккан. Президенттик администрация мындай жазага кандай жагдай себеп болгонун тактаган эмес.
"Ынтымак-Ордодогу" ишенимдүү булактардын ырасташынча, президент "Ош Ситиге" байланыштуу өзү жыйын өткөргөн жана мэрди инвесторлорго жасаган мамилеси үчүн кескин сынга алган. Садыр Жапаров азырынча комментарий бере элек.
"Ош Сити" долбоорунун таржымалы
Ушул жерден "Ош Сити" долбоорунун таржымалына учкай токтоло кетели. Бул долбоор 2023-жылы башталган. Баштапкы планында 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган акылдуу шаарча куруу каралган. Мында жалпысынан 250 миңдей адам жашай турганы, долбоорго кеминде 2 млрд доллардай каражат жумшалары кабарланган.
Ушул жылдын башында шаарча түшчү аймак алмашканы белгилүү болгон. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев январь айында "Азаттыкка" баштапкы болжолдуу долбоордо "Ош Сити" шаарга кире бериштеги Манас айкелинин артына курулмак болгонун, бирок ал жер алмашып, калаанын батыш тарабындагы 440 гектар аянтка куруу пландалып жатканын маалымдаган.
Жунусбаев акылдуу шаарды курууга атайын дирекция түзүү пландалып жатканын, инвесторлор табылып калганын кошумчалаган.
"Жаңы келген мэр жыйын өткөрдү. Бизде батыш тарапта 440 гектар жер бар. Ушул боюнча дагы кеңейтилген жыйын өткөрүү пландалууда. Тиешелүү мекемелерге, архитектура, мамлекеттик каттоого анын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди. Бул боюнча өзүнчө дирекция түзүү пландалып жатат. Мэр өз сөзүндө инвесторлор чыгып жатканын айтты. Жакынкы айларда аны менен тааныштырат. Мурдагы жер шарттарга дагы туура келбей, жери дагы кичине болуп калды. Жакын жерде канализация дагы бар. Азыр батыш тарапта, Барсбектин эстелигинин арты болуп калат", - деген эле Жунусбаев.
Ош шаардык мэриясы шаарчаны курууга кызыгып жатат деген инвесторлор тууралуу андан кийин маалымат берген эмес.
"Ош Ситинин" курулушу ушул жылдын февраль айында расмий башталган. Анда Садыр Жапаров барып капсула салган. Президент сөз сүйлөп, бул бардык талап-шарттарга жооп берген шаарча болорун билдирген. Ошондой эле жарандарга баштапкы төлөмү жок Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга мүмкүнчүлүк болорун белгилеген.
"IT шаарчасы - жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болмокчу. Ал өзүнө калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап, ыңгайлуу жана жогорку технологиялуу турак жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилердин комплекстүү курулушун камтыйт. Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу негизги секторлорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Курулуш этабында миңдеген жумуш орундары жаралып, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат. Бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак жай комплекси курулмакчы. Ушул жерден баса белгилеп айта кетейин, курулган турай үйлөрдөн батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Жарандарыбызга баштапкы төлөмү жок, 20-25 жылга ипотекага берилет. Бул миңдеген жарандарыбыз МИК аркылуу аталган турак жай комплексинен үйлүү-жайлуу болуп калат деген сөз", - деген Жапаров.
Долбоор башталганда шаарча курат деген "Бизнес хаус КГ" деген аты дээрлик белгисиз, мурда-кийин ири долбоорлорду ишке ашырбаган компания кантип тандалып алынды, алар 70тен ашык гектар жерди кандай шартта алды деген суроолорго жооп берилген эмес.
"Бизнес хаус КГ" эмне болгон компания? Улугбек Абдулазимов деген ким?
Садыр Жапаровго "Ош Ситини" куруу долбоорун Улугбек Абдулазимов тааныштырган.
Расмий маалыматка ылайык, "Бизнес хаус кг" компаниясы 2002-жылы эле негизделген жана быйыл 30-майда кайра каттоодон өткөн.
Юридикалык документтерде негиздөөчүсү катары Музаффар Тажибаев жазылган. Буга чейин "Бизнес хаус кг" "Ош шаарында "Асман", "Бульвар Истанбул", "Элит Парк", "Грин парк" жана "Астана" деген турак жайларды куруп жатканы көрсөтүлгөн.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Ош Ситинин" курулушун текшергени бурганда бул компания куруп жаткан төрт көп кабаттуу үйдө маселе бар экенин билдирген. "Бизнес хаус КГ" бул дооматтарга ачык жооп берген эмес.
Юстиция министрлинин сайтындагы маалыматка ылайык, ушул жылдын май айында "Бизнес хаус КГ - Ош Сити" деген өзүнчө компания каттоодон өткөн, анын негиздөөчүсү катары жалгыз Улугбек Абдулазимов көрсөтүлгөн.
Буга чейин Абдулазимов Кыйноолорго каршы улуттук борбордо эксперт, андан кийин Оштогу бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 2024-жылдагы шайлоодо Кара-Суу районундагы айылдык кеңештин шайлоосуна катышкан.
Абдулазимов 2020-жылдагы шайлоого талаш-тартыштуу "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен барган. Үгүт маалындагы жарнама видео материалдарда билими, спортко кызыгуусу тууралуу айтканы менен бизнеске аралашып жүргөнү жөнүндө сөз кылган эмес.
Улугбек Абдулазимов.
"Төрт баланын атасымын. Эртең менен намаздан кийин чуркоо менен алектенем. Убактым болуп калганда балдарга өзүм тамак жасап берем. Жумуртка кууруп, витаминдүү салаттарды жасап бергенди жакшы көрөм. Ата-энем менен отуруп чай ичип, алардын батасын алганды туура деп эсептейм. Биринчи Ош мамлекеттик педагогика жана дене тарбия факультетин аяктадым. Андан кийин Юридика институтунун юридикалык факультетин аяктадым. Андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясын бүттүм. Азыр болсо аспирантурада, 2-курсту буюрса бүтүп калдым. Эки жолку чакырылышта айылдык кеңеште депутат болдум, азыр дагы депутатмын. Мектептерди жылуулук менен камсыздоо иштерин алып бардык. Канализация маселелерин депутаттар менен чогуу чечтик. "Мекеним Кыргызстан" партиясы биринчи кылып туруп, жумушту көрсөтүп туруп анан кадам баштайт. Башка атаандаштарыбыз биринчи айтат, айткандан кийин кылат. Менин улутум өзбек. Өзбек болгонум менен орус тилин, кыргыз тилин жакшы билем. Спорттун кикбоксинг түрү менен алектенем, дүйнөнүн вице-чемпиону деген наам алгам".
Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбаев аны ишине так адис катары мүнөздөмө берди.
Бакыт Рысбаев.
"Бир топ убакыт болду, ушул борбордо иштеп кеткен. Ал кезде бизнесте жүрчүбү же жокпу, билбейт экемин. Борбордо иштеп жүргөндө өзү жоопкерчиликтүү, ишине жана сөзүнө так адис катары көрсөткөн".
"Азаттык" Абдулазимов менен байланышып, "Бизнес хаус кг" компаниясында жетекчилик кызматка кантип келип калганын, бул компания "Ош Ситини" куруу долбоору кантип колуна тийген дегендей суроолорго жооп алууга аракет жасады, бирок бул макала жазылып жаткан чакта мындай аракеттерден майнап чыккан жок.
Өзүн компаниянын коммерциялык директору деп тааныштырган Рано аттуу айым Улугбек Абдулазимов суроолорго өзү жооп берерин, биз менен өзү байланышарын айтканы менен компаниянын директору кабарлашкан жок.
Быйыл май айында атайын кызмат аталган компаниянын жетекчилерине өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас деп тааныштырып, ири суммага келишим түзүп алган жаран кармалганын билдирген. Кийинчерээк кылмышка шектүү беш жылга соттолуп кеткени, үй-мүлкү конфискацияланганы тууралуу маалыматтар чыккан. Компания кантип алданып калганы тууралуу комментарий берген эмес.
Ош шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев "Бизнес хаус кг" компаниясы "Ош Ситинин" курулушуна кантип аралашып калганы тууралуу маалымат жоктугун билдирди.
Бекболот Арзибаев.
"Мен "Бизнес хаус" дегенди көрүп-билип жүрөм, бирок негиздөөчүсү ким, буга чейин кайсы жерде үйлөрдү салып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок бир эле "Бизнес Хаус" эмес, Ошто курулуш компаниялардын жер боюнча маселелери, курулушту өз убагында бүтүрбөгөнү, жоопкерчиликтен качып жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Мен билгенден бул компания жерди тандоо туру менен алган эмес. Шаарга жакын болгон менен ал аймак Кара-Суу районуна караштуу болчу. 2021-жылы шаарды чоңойтуу максатында бул райондун эки-үч айылы кошулган. Бул жерлер шаарга ошентип өтүп калган. Ошол маалда губернатор болуп турган адамдардан сунуш болгон деген маалыматтар бар".
Талдоочу Төлөгөн Келдибаев азыр иши жүрүшүп жатат деген курулуш компаниялардын артында таасирлүү адамдар турат деп эсептейт.
Төлөгөн Келдибаев.
"Кыргызстанда бутуна туруп, иши жүрүшүп, "ити чөп жеген" ири курулуш компанияларынын артында көмүскөдө болгусу келген чоң саясий күчтөр, акчалуу адамдар турат деп айтса болот. Мурда болсо артында уюшма кылмыш топтору турган компаниялар дагы болгон. Аты-жыты билинбеген, акчасы деле жок адамдар негиздөөчү катары көрсөтүлүп, иштеп жатат. Бирок аларды көзөмөлдөгөн адамдар бар. "Ош Ситини" куруп жаткан компания деле таасирлүү адамдар менен сүйлөшүп, ушул долбоорду ишке ашырып жатса керек. Инвестор болсо деле ошончо гектар жер кандай негизде берилгени тууралуу так маалымат жок. Үй курууга ошондой инвестор тартпай ошол инвестицияны өндүрүшкө тартса болмок".
Токторбаевдин сөгүш алганы анын рейддериндеги этикалык эрежелерди бузганы себеп болдубу деген талкууларга да жем таштады. Ал кызматка дайындалган күндөн тартып эле шаардын ар кайсы бөлүгүн жөө кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды алуу, жолдорду кеңейтүү боюнча тапшырма берип келет.
Рейддердин жүрүшүндө мэр өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлер, мүлк ээлерин жана башка адамдарды кескин сындаганы менен да белгилүү. Мындан улам Ош шаарынын мэрине сөгүш берилгенин эп көргөндөр дагы бар.
Соңку кездери бийликти ачык колдоп жүргөн жарандык активист Атай Бейшенбек уулу Фейсбуктагы баракчасына мындай жаза негиздүү берилди деген оюн жазды.
Атай Бейшенбек уулу.
"Бул сөгүш негиздүү жана өз учурунда берилди. Азыр өлкөгө бир тыйын болобу, инвестиция салам деген ишкер менен жергиликтүү бийлик же министрлик, баары мамилесин түп-тамырынан өзгөртүшү керек. “Көчө сөзү” менен урушуп, алардын жеке аброюна шек келтирбей, тескерисинче, ачык сүйлөшүп, жакшы мамиле менен кызматташууга тартуу гана экономикага натыйжа берет. Президент өзү цемент заводу же кайра иштетүүчү ишкана, курулуш долбоорубу, чакан ГЭС болобу, ар бир инвестициялык иштерди колдоого алып, ачылыштарына чейин катышып жүрөт. Максаты - жумуш орду түзүлсүн, салык төлөнсүн, капитал чыгып кетпей, тескерисинче, өлкөгө кирсин. Ушундай аракетти бийликтин бардык бутагы көрүшү керек. Эгер биз ишкерлерге ушинтип орой мамиле кылсак, анда өлкөгө ким келип акча салат? Эгер мыйзам бузуу болсо, аны укук коргоо органдары аркылуу, жол-жобосу менен, ашыкча пиары жок эле чечүү зарыл. Ош шаарынын мэрине президент өзгөчө колдоо көрсөтүп келгенин эч ким тана албайт. Андыктан, Токторбаевге берилген сөгүштү ар бир жетекчиге “инвестиция менен ишкерге болгон мамилени тез арада жакшырткыла” деген ачык белги катары түшүнсөк болот", - деп жазды.
Дагы караңыз Ош мэринин сунушу, УКМКнын эскертүүсү
Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев мэр күйүп-бышып иштеп жүргөнүнө токтолду.
"Мэрди одоно мыйзам бузуп, этиканы сактабай жатат деп сындап жатышпайбы. Бирок этикага байланыштуу эле маселе болбосо ал жанын үрөп, күнү-түнү иштеп жатат. Мен анын ишин чын дилимден колдоп-коштоп жатам. Кемчилиги бар, бирок мен анын 90% ишине жакшы деген баа берет элем. Азыр курулушка байланыштуу маселени көрүп жатасыңар. Эки-үч жылдан кийин бул жерде дагы ошондой маселелер жаралбайбы деген коркунуч бар да. Сыртынан караганда курулуш жүрбөй жатканын көрүп, ошону текшерүү максатында гана барып, ошондой жагдайга кабылып калдыбы деп ойлоп турам. Курулуш жай жүрүп жатканын шаардагы тургундардын баары эле көрүп турат. Ал жерден канчалаган адам акчасын төлөп, үй алам деп отурат. Эртең бир маселе жаралса ким жоопкерчилигин алат? Буга чейин деле эч ким жоопкерчилик алган эмес да. Мен чынында Ош шаарынын мэринин иштөө ыкмасын Бишкекке сунуштамакмын. Элди тоготпогон, иш бөлмөсүнөн чыкпаган вице-мэрлерди, жетекчилерди таңкы саат алтыда туруп алып жүгүртүп иштешмек".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева соңку окуялардан улам мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, инвесторлор, инвестиция тартуу маселелери тууралуу ой бөлүштү.
Жылдызкан Жолдошова.
"Эгерде мамлекеттик кызматкерлер өздөрүн өздөрү сыйлабаса, анда аларды ким сыйлайт? Азыр кандай гана жагдай болбосун, коомчулукка бат эле чыгып кетип жатпайбы. Кагып-силкип, жекеликке өтүп, намысына тийип сүйлөсө, бул - жаман тарбия-таалим. Эл деген ошол мамлекеттик кызматкерлерди карап түзөлөт да. Балким президент ушул жагдайды карап туруп деле сөгүш берсе керек. Мэр деген чоң статус. Экинчи жагынан алып караганда "Ош Ситини" куруу үчүн берилген 70 гектардан ашык жер бул өтө чоң аянт. Алар жарандардын акчасына үй салып жатат. Муну бизнес деп коет. Элден акча алып, бирок аларга өз убагында үй салып бербесе, мени калкалагандар бар, мага эч ким эч нерсе кыла албайт деп жүргөн болсо, анда бул туура эмес. Мэр бир аз маданиятсыз сүйлөгөнү менен анын кемчиликтерди көрсөткөнү абдан туура. Мен инвестормун деп эле ушундай мамиле кыла берсе, жарандардын таман акы, маңдай тери менен тапкан акчасын алып, үйлөрдү өз убагында салып бүтүрбөсө, андайлардын кереги деле жок. Ошонча жер аянтын алган адамдын артында бир чоң кызматтагы киши турса керек. Анткени азыр мынчалык жерди эч ким ала албайт. Чыныгы инвесторлор чиновниктердин жүрүм-турумуна деле карабайт. Алар биздин мыйзамыбыз күчтүү болсо, анын кызыкчылыгы мыйзам менен корголгонуна көзү жетсе, банктык сыры купуя болоруна ишенсе келет".
Азыркы бийлик Оштон башка бир катар аймактарда жаңы шаар, шаарчаларды куруу дымагын билдирген.
Ушул жылдын башында Садыр Жапаров Чүй облусунун аймагында Кемин Сити деп аталган шаар куруу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Кемин районунда 350 гектардан ашык жерге экологиялык таза шаарча салынары айтылган, бирок анын каржы булактары аныктала электиги белгилүү болгон.
Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушуна капсула салынганы менен илгерилебей турат.