Кара-Суу шаарындагы "Манас" футболдук стадиону ишке берилди

Кара-Суу шаарындагы “Манас” футболдук стадиону.

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Манас” футболдук стадиону оңдоп-түзөөдөн кийин 18-сентябрда кайра ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчынын администрациясынын маалымат кызматы стадионго 5000 адам батарын, оюн талаасына табигый чөп төшөлүп, трибуналар жаңыртылганын билдирди. Медиа зонасы, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды, жарык системасы жаңыртылып, кечкисин да футболдук беттештерди жана иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлдү.

Стадиондун реконструкциясына 274,5 млн сом жумшалды.

Жаңы футбол майданында “Дордой” жана “Мурас Юнайтед” клубдары Кыргызстандын кубогу үчүн күч сынашып, 2:1 эсебинде “Дордой” утту.

Стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Күрөш: Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло медал алдыТрамп Путин анын көңүлүн калтырганын айттыСот Карасартованы күнөөлүү деп таап, беш жылдык пробация менен бошоттуОрусия Украинага миң аскердин сөөгүн бердиШвеция 35 өзбек мигрантын депортациялады