Кошмо Штаттар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде сунушталган Газа секторундагы атышууну "тез арада, эч кандай шарт койбостон жана туруктуу негизде" токтотуу тууралуу талаптар жазылган резолюциянын долбооруна вето койду. Анда Израил бийлигине Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын жеткирилишине койгон бардык чектөөлөрүн алып салуу талабы да камтылган.
Резолюцияны Коопсуздук кеңешинин калган 14 мүчөсүнүн баары колдошту. Мындай документти иштеп чыгуу демилгеси быйыл августта БУУ Израил Газада ХАМАСка (АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган топ) каршы эки жылдан бери жүргүзүп келаткан согушунун айынан бул аймакты ачарчылык каптаганы тууралуу расмий билдирүүсүнөн кийин көтөрүлгөн.
Анда ХАМАС жана башка куралчан топтор барымтада кармап турган адамдардын баарын бошотуу талабы да жазылган.
Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон "Израилге каршы резолюциялар барымтадагы адамдарды бошотуп жибербейт жана аймакка коопсуздук алып келбейт" деп билдирди. Израил бийлиги Газада палестин элине каршы атайылап геноцид жана ачарчылык уюштуруп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.
АКШнын БУУдагы өкүлү Морган Ортагус "Кошмо Штаттар бул кабыл алынгыс резолюцияны четке кагат. ХАМАС эч кандай шарт койбостон багынып, барымтадагылардын баарын дароо бошотуп берүүсүнө убакыт келип жетти. АКШ бул үрөй учурган жаңжалды токтотуу максатында өнөктөштөрү менен бирге иштөөнү уланта берет", - деп айтты.
АКШ 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кол салган, адамдарды өлтүрүп, барымтага алып кеткен кандуу чабуулдан бери уланып келе жаткан согушка байланыштуу БУУ демилгелеген резолюциялардын ушуну менен алтынчысына каршы чыкты. (RK)