Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Согушчул жашоодон чарчаган Пугачева


Алла Пугачева. Архив сүрөт.
Алла Пугачева. Архив сүрөт.

Украинадагы согуштан улам чет өлкөдө жашаган атактуу ырчы Алла Пугачеванын 3,5 сааттай маеги орус тилдүү Интернетте башкы темага айланды. Мурдагы СССРдин эстрада жылдызы, композитор, таланттуу актриса Пугачеванын таанымал блогер Катерина Гордеевага курган маегин тез эле 20 миллиондой киши көрдү.

Эсил кайран СССРдин заманы сайран куруп, Леонид Брежневдин эсти оодарган узун докладдары гезиттерде башкы тема болуп турган жылдары эл арасында кеңири тараган анекдот бар эле. “Азыркыдан 50 жыл өткөндөн кийин көчөдөгү бирөөнөн: “Брежнев деген ким болгон? – деп сурашса, “Алла Пугачеванын заманында жашаган мамлекеттик ишмер”, - деп жооп бериптир”. Ал кезде абдан күлкүлүү угулчу. Эл сүймөнчүгүнө айланган Пугачеванын атак-даңкына таң берген икая.

Андан бери 50 жыл болоюн деп калды, чынында Брежнев кайда, аны эстеген киши калдыбы? 76 жаштагы Алла Пугачева чет жактарда жашаса да Youtube каналына эски, жаңы ырларын, маектерин жарыялап, миллиондогон кишинин көңүлүн таап, ыраазычылык сөздөрүнө, сый-урматына бөлөнүп отурган кез. Албетте, аны тилдегендер, жаман көргөндөр да аз эмес, бирок биринчилердин аламан дүбүртүндө экинчилердин добушу угулбай, күбүр-шыбырга айланып калууда.

“Артка кылчайсам, менин өмүрүм бир согуштан экинчи согушка илээшип өтүп атыптыр. Ата мекендик согуштан кийин төрөлгөн муунга кирем. Андан кийин Кариб кризиси, Суэц каналынын кризиси, Даман аралындагы кагылышуу, Ооганстандагы согуш, Чеченстандагы биринчи, экинчи согуш…“.

Азыркы Украинадагы согушту кошуп санаганда булардын баарында өлгөн кишилердин саны миңдеп эмес, миллиондоп саналат. Талкаланган шаарлар, кыйраган тагдырлар.

Пугачева санап өткөн окуялардын баары кандуу алааматка айланбаса да, дүйнөдө саясий чыңалуу жаратып, далай мамлекеттердин өнүгүүсүн жайлатты, артка тартты.

Мен 1970-80-жылдары Фрунзе шаарындагы (Бишкектеги) мектептердин биринде окудум. Салыштырмалуу тынч жылдар болгону менен мектепте аскердик даярдык сабагында автоматтан атканды, курал кармаганды үйрөтүп, кээде “душман атомдук бомба таштаса ага даяр болушубуз керек” деген темада райком-обкомдон келген акылдуу кишилер бизге лекция окуп, анда-санда мектептин короосунда ызылдап сирена чуулдап, аскердик машыгуудан өтүп турчубуз. Колубузга бирден бөлкө нан кармап, мектептин жертөлөсүнө жүгүрүп кирип жашынып, артта калгандарды “жарадар болду” деп замбилге салып көтөрүп киришчү. “Согуш болушу мүмкүн” экенин унутуп калышпасын дешчү го, бала кезде аны биз оюндай кабылдачубуз.

Алла Пугачева 1970-80-жылдары учу-кыйыры көрүнбөгөн Советтер Союзун кыдырып, суук, ичи кунарсыз мейманканаларда конуп, жылыбаган автобуста кетип баратып ыйласа көз жашы бетине тоңуп калганын эскерет. Жокчулук, кедейликте жашаганыбызды ал кезде анча элес алчу эмес окшойбуз. Фрунзеде мектептеги мугалимим каникулда айылга барам десем “айылдагы дүкөндө гүлдүү шейшептер сатылып калат деп уккам, ушул акчага апаңа айтып ала келчи” деп колума кагаз акча карматканын эстедим. Шаарда ал жылдары гүлдүү шейшеп сатылбаса керек. Сүт-айран сатып алабыз деп узун кезектерде турганыбыз эсимде.

Чыгармачылыгы, жеке турмушу тууралуу ачылып сүйлөп берген таланттуу актриса: “менин жашоом тууралуу чындыкты балдарым билиши керек” деп ушул узун аңгемесин айтып берүүнү туура көргөнүн айтат. Дүйнөдө жеринин аянты жагынан биринчи орунду ээлеген Орусиянын алыскы аймактарында элдин жашоосу азыр да жыргап кеткен жок. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2024-жылы Пугачева айткандай “улуу держава” бир жылдык ички дүң өндүрүмүн киши башына бөлө келгенде 14 миң доллардан ашыгыраак деңгээлге чыгып, дүйнөдө 68-орунду ээлеп, Бразилия, Аргентина менен катарлаш саптарда. Швейцарияда бул көрсөткүч 103 миң доллардан, АКШда 83 миң доллардан жогору.

“Тарыхты билишпейт, бирок баарынан кыйынбыз дешсе дардаңдап сыймыктанышат. Медицинадагы абалды билишпейт, аны менен да сыймыктанышат” – деген Пугачева: “Азыркы анекдоттордун бирин айта кетейин. “Эртең таңкы 7де баарыңар кызыл аянтка чогулгула, баарыңарды дарга асабыз” деген жарыя таркайт эл арасына. Анда бирөө: “Арканды өзүбүз ала келелиби, же ошол жерде берилеби?” деп сурап койот” дейт.

Камчысы катуу бийликке баш ийип, айткан-дегенин мактап-жактап жашаганга көнгөн элдин кулк-мүнөзүнө кейиген ырчы аягында көзү жашылдана: “Жакшылыкка, сулуулукка, мээримдүүлүккө умтулганды үйрөнгүлө. Баарын талкалагандын ордуна жаратмандыкка өтөлү. Согушка маашырланбай, тынчтык үчүн сыйыналы”, - деп кайрылат жарым кылымдан ашуун мезгилден бери анын чыгармачылыгын колдоп, сахнадагы бактылуулук сезимин аны менен бөлүшүп келген калкына. “Абийир атак-даңктан, байлыктан жогору турат. Ата Мекениңе ачуу чындыкты айткандын өзү патриоттуулук”, - дейт согуштардан башы чыкпаган жашоодон чарчаган Алла Пугачева.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Шерине

XS
SM
MD
LG