Путин президенттик администрация башчысынын орун басары Козакты иштен бошотту

Дмитрий Козак акыркы 25 жылда Путиндин командасында, өкмөттө бир катар жогорку кызматтарда иштеди.

Орусия президенти Владимир Путиндин көп жылдардан берки ишеничтүү адамы Дмитрий Козакты кызматынан бошоткон жарлыгы укуктук актылар порталында жума күнү жарыяланды. Эки күн мурдараак ал кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган.

Украинада төрөлгөн Козак 1990-жылдардан бери Путиндин жакын адамы саналып, акыркы 25 жылда бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеди. Украина менен Минск келишимин аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдө Кремлдин делегациясынын жетекчиси болуп турган.

2022-жылы 24-февралда Украинадагы согуш башталар алдында болгон Орусиянын Коопсуздук кеңешинде сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл деген көз карашын билдирген. Бир катар маалымат каражаттары ал ыктымал согуш украин элинин, армиясынын катаал каршылыгына туш болот деп эскертип келгенин, кийин да Путинди сүйлөшүүгө көндүрүүгө аракет жасаганын жазышкан.

66 жаштагы Дмитрий Козак орус президентинин ишеничтүү адамы катары Кыргызстанга бир нече жолу келип, жогорку жетекчилик менен көзмө-көз жолугушуулар өткөргөн. 2020-жылкы октябрь окуялары маалында ал бийлиги олку-солку болуп турган экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканы белгилүү. Москвалык айрым маалымат булактары Козак мындан ары бизнес тармагында иштеши мүмкүн деп жазышты.

Дагы караңыз

Сот блогер Бауржан Абдумаликовго айып салып, эркиндикке чыгардыБеларус бийлиги чехиялык дипломаттын өлкөдөн кетишин талап кылдыAmnesty International "Клооптун" мурдагы кызматкерлерине чыккан өкүмдү сынга алдыФранцияда "Кыргыздар" китебинин бет ачары өтүүдө