Ала-Арчада тоодо калган туристтер куткарылды

Ооганстандык туристтер ӨКМдин куткаруучулары менен. 21-сентябрь, Ала-Арча паркы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында тоодо калган ооганстандык туристтерге жардам көрсөтүштү.

Чет элдик эки жаран 20-сентябрда капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири 23 жаштагы И.У.У. аттуу адам бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдирген.

Нөөмөттөгү 5 куткаруучу түнү менен жардамга барып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тоодон алып түшкөн. Учурда туристтин абалы канааттандырарлык.

ӨКМдин маалыматына ылайык, “Ала-Арча” паркында куткаруучулар күнү-түнү нөөмөттө турушат.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кыргыз аялынын сүйүүгө укугун, эркиндигин жазгым келет" Иманалы Айдарбеков тууралуу даректүү тасма тартылды"Интервидение" Eurovision сынагына атаандаш боло алабы?Стубб: Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөргө каалоосу жок ХАМАС барымтага алынгандардын жана Ливанда жоголгон учкучтун сүрөтүн жарыялады