АКШда Трамптын тарапташы Кирк менен коштошуу зыйнатына он миңдеген киши чогулду

Глендейл шаары. Чарли Кирк менен коштошуу.

АКШда 21-сентябрда он күн мурда киши колдуу болгон белгилүү консерватор активист жана блогер Чарли Киркти акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 73 миң орундуу State Farm Stadium стадионунда өтүп, киши жык толгондуктан ичине батпай калган он миңдеген адам сыртта турганын CNN кабарлады.

Жалпысынан коштошуу зыйнатына катышам деп Turning Point USA жаштар уюмунун сайтына катталгандар 200 миң адамдан ашкан. Бул уюмду 2012-жылы Кирк өзү негиздеген. Айрым байкоочулар коштошуу иш-чарасы диний өңүттө өткөнүнө, диний музыка жаңырып, чогулгандардын айрымдары колуна "Ишеним, Үй-бүлө, Эркиндик" деген жазууларды кармап турушканына көңүл бурушту.

Коштошуу зыйнатында президент Дональд Трамп, вице-президент Жей Ди Вэнс жана Ак үйдүн башка да жогорку кызматтагы өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Трамп Кирк "Американын эркиндиги үчүн курмандык" болгонун, ал "чындыкты сүйлөгөнү үчүн өлтүрүлгөнүн" айтты.

Консервативдик көз карашты карманган, 2024-жылы ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трампка жаштардын колдоосун тартууда маанилүү роль ойногон Кирк 10-сентябрда Ютадагы университетте эл алдында сүйлөп жатканда киши колдуу болгон. Трамп бул үчүн "солчул радикалдарды" айыптаган.

12-сентябрда Киркти аткан деген шек менен 22 жаштагы Тайлер Робинсон кармалган.

31 жаштагы Кирктин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында катталуучулар миллиондоп саналат, ал Трамп менен түз байланышып турганын CNN маалымдаган.

Маркумдун жубайы күйөөсүнүн саясий ишмердүүлүгүн улантууга убада берди. (RK)

Дагы караңыз

БШК: Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышатСадыр Жапаров БУУнун саммитине катышуу үчүн Нью-Йоркко баратБритания, Канада, Австралия жана Португалия Палестина мамлекетин тааныды"Интервидение" Eurovision сынагына атаандаш боло алабы?