Москвада мобилизация болгон аскер кызматкеринин апасы пикеттен кийин кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада мобилизациядан кийин согушка тартылган уулун кайтарууну талап кылып пикетке чыккан эне кармалды. Көкүрөгүнө бир нече мамлекеттик сыйлыктарын тагынып алган аял өзү жалгыз Орусиянын Коргоо министрлигинин имаратынын алдына чыккан.

Ал колуна "21.09.2022 - 21.09.2025" деген плакатты көтөрүп чыккан. RusNews басылмасы аялды кармап кеткен видеону жарыялады. Анын ким экени жана кайдан келгени жарыяланган жок, болгону аты Лидия экени жазылган.

Кармалар алдында ал "Мен Коргоо министрлиги качан ойгонуп, балдарды үйүнө кайтара турганын күтүп жатам", - деп айтканга үлгүргөн. "Паулина/Мобилизация и люди" телеграм-каналы Лидия полиция бөлүмүнө жеткирилгенин жана аны менен байланыш жок экенин жазды.

Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазонанын" журналисттеринин 19-сентябрда жарыялаган иликтөөсүндө "жарым-жартылай мобилизацияда" армияга тартылган 15 миңден ашуун адам согушта каза болгону белгиленген. Журналисттер Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миңден ашканын аныкташкан.

Азыркы учурда бул категориядагы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө мөөнөтүн белгилөөчү ченемдик укуктук акт же жарлык жок. 2022-жылдын 21-сентябрындагы жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыкта мөөнөтү боюнча эч кандай жоболор камтылган эмес.

Мобилизация болгон туугандарын, балдарын согуштан кайтарууну талап кылып пикет-акцияга чыккандарды полиция алып кеткен учурлар Орусияда буга чейин дагы катталган.

Орусия президенти Владимир Путин 2022-жылдын сентябрында Украинадагы согушка аскердик күчү жетишпей жаткан маалда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Орусиянын Коргоо министрлиги мобилизация башталганы 300 миң адам аскерге тартылганын билдирген.

Дагы караңыз

АКШда Трамптын тарапташы Кирк менен коштошуу зыйнатына он миңдеген киши чогулдуБШК: Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышатСадыр Жапаров БУУнун саммитине катышуу үчүн Нью-Йоркко баратБритания, Канада, Австралия жана Португалия Палестина мамлекетин тааныды