Билим берүү тармагында, анын ичинде бала бакчада иштегендердин айлык акысы 2026-жылы апрелде жана октябрда эки баскыч менен көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирабева депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министр муну мамлекет башчы дагы жакында убада кылганын кошумчалады.
Мунун алдында Бекешев "бала бакчанын тарбиячылары жана алардын жардамчыларынын айлыгы качан көтөрүлөт" деген суроо узаткан.
Август айынын соңунда президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Валентина Терешкова мектеп-интернатынын ачылышында "жаңы мектептер, жаңы китептер, жаңы усулдук программа менен катар быйыл эмгек акы дагы көтөрүлө турганын" айткан.
Билим берүү тармагында иштегендердин айлыгы канчага көтөрүлөрү азырынча айтыла элек.
Буга чейин Догдуркүл Кендирбаева учурда мугалим 24 миң сом маяна аларын билдирген.
Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (КЕ)
Министр Кендирбаева мугалимдердин айлыгы эки баскыч менен көтөрүлөрүн айтты
Догдуркүл Кендирбаева.