Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде үч жайкын тургун каза болду


Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Украинада 22-сентябрга караган түнү Орусиянын чабуулунан кеминде үч адамдын өмүрү кыйылганын, дагы бир нече жайкын тургун жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Запорожьеде авиабомба менен беш жолу сокку урулганын, көп кабаттуу 15 үй, 10 жер там жана бир нече ишкана зыян тартканын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Мындан тышкары Украинага Орусия тараптан 141 учкучсуз учак учурулганы, алардын 80и Shahed жанкечти дрону экенин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады:

"Өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө 132 учкучсуз учак атып түшүрүлдү, жети жерге тогуз дрон түшкөн, кээ бир жерлерге сыныктары түштү".

Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирди. Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород шаарынын башчысы Валентин Демидов 22-сентябрда калаа администрациясынын имаратынын жанына дрон түшкөнүн кабарлап, сүрөттөрүн жарыялады. Анын айтымында, сынык тийген эки киши доктурга жеткирилди.

Калаа жетекчилиги жарандарды көчөгө чыкпай турууга чакырды.

Белгород сентябрь айында чабуулдар күчөгөнүн билдирип, бул үчүн Украинаны айыптоодо. Украина комментарий бере элек.

Согуш 2022-жылы февралда Орусия коңшусуна кол салгандан бери уланып келе жатат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG