Палестинаны таануу кадамына Франция жана Бельгия даярданууда. ХАМАС АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган. Ал арада Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги согушту улантып, чабуулун күчөтүп жатат.
Эки жылдан бери жүрүп жаткан согуштан, күнүмдүк бомбалоолордон, азап чегүүдөн, ачкачылыктан чаалыгып-чарчаган газалыктардай болуп Набил Жабер палестин мамлекетин таануу аракеттерин кубаттап, эми анклавда тынчтык орнотууга өбөлгө түзөлөт деп үмүттөнөт:
"Газадагы элибиз ырайымсыз чабуулдарга, жапырт адам өлтүрүүлөргө туш болуп келатат. Дүйнөлүк сахнадагы таасири күчтүү алдыңкы державалар палестин мамлекетин тааныганы ок атууну, согушту биротоло токтотууга курал болуп бере алат деп ишенем".
Жабер ЦАХАЛдын чабуулунан бир нече жолу жер которуп, азыр да Газа шаарын калтырып, коопсуз жер издеп жаткан кези.
Эксперттер Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Израил мамлекетин негиздөөдө чоң роль ойногон Британиянын Палестинаны таануу чечими символикалык мааниге ээ деп белгилешет.
Жекшембиде премьер-министри Кир Стармер Лондон палестин мамлекетин расмий тааныганын жарыялады:
"Палестиналыктар менен израилдиктердин тынчтыкка, жанаша жашаган эки мамлекет түзүү жолу менен жаңжалды токтотсо болот деген үмүтүн кайра жандандыруу үчүн Бириккен падышалык Палестина мамлекетин расмий таанып жатат. Биз 75 жыл мурун Израил мамлекетин жөөт элинин ата журту деп тааныганбыз. Бүгүн палестин мамлекетин тааныган 150дөн ашуун өлкөгө кошулуп жатабыз. Бул палестин жана израил элине жаркын келечек болот деген убада".
Израилдин чабуулунан качкан Газа шаарынын тургундары. 21-сентябрь, 2025-жыл
Июлда Стармер Израил бир катар шарттарды аткарбаса Лондон палестин мамлекетин тааныйт деп билдирген. Андай шарттардын арасында Газа тилкесинде ок атууну токтотууга жана палестин мамлекетин түптөөгө алып келчү узак мөөнөттү тынчтык жараянына байланышкан милдеттенмелерди алуу кадамдары аталган.
Тел-Авив согуш башталгандан бери андай мүмкүнчүлүктү четке кагып келатат.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги палестин мамлекетин таануу “жихадчылардын ХАМАС уюмунун чырагына май тамызарын” билдирди.
21-сентябрда Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху андай чечим Израил мамлекетине коркунуч жаратып жатканын айтты:
"Улуттар Уюмунда жана бардык башка эл аралык трибуналардан бизге каршы багытталган жалган пропаганда жана палестин мамлекетин түзүү чакырыктары менен күрөшөбүз. Бул багыттагы кадамдар биздин жашап кетүүбүзгө коркунуч туудуруп, терроризм үчүн акылга сыйбас сыйлык болуп эсептелет. Эл аралык коомчулук биздин жообубузду жакын арада угат".
Ишембиде ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги эң чоң шаардагы операциясын кеңейтип, дагы бир аскердик бөлүгүн тартканын билдирген. Бир жума мурун ал жактагы хамасчыларды сүрүп чыгаруу жана барымтадагыларды бошотуу максаты менен жерден чабуул баштап жатканын жарыялаган Израил акыркы бир нече күндө Газада 30 жоочу жок кылынганын жана курал-жарак сакталган жайлар табылганын билдирди.
Жекшембиде күбөлөр израилдик танктар Газанын Тел ал-Хава конушуна жылып баратканын айтып беришти.
ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Эффи Дефрин 550 миңден көп карапайым жашоочу шаардан чыгып кеткенин билдирди.
Армиянын көрсөтмөсү менен миңдеген киши машина, арабачан же жөө деңизди бойлоп жер которууга аргасыз. Жол акысын төлөөгө көбүнүн чамасы чектелүү. Анын үстүнө бензиндин баасы да асмандап кеткенин айтты Рейтер агенттигинин кабарчысына газалык Саада Худхуд:
"Газада калуу же коопсуз жерге кетүү менин укугум. Бирок акчам жок. Ошон үчүн Нафек районунан балдарым менен жөө басып келүүдөн башка аргабыз калган жок".
Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо мекемеси жекшембинин кечинде тараткан маалыматка караганда, согуш башталгандан бери 65 миң 283 палестиналык каза тапты. Андан тышкары акыркы 24 саатта дагы төрт киши ачкадан өлгөнү кабарланды.
Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда АКШ жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.