"Товар 10 күндөн бери өткөрүлбөй турат". Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек, ишкерлердин нааразылыгы

Кыргызстандан Казакстан аркылуу Орусияга жүк ташыган автоунаалардын айдоочулары 13-сентябрдан бери чек арадан өтө албай убара тартып жатканын айтып чыгышты.

Буга казак тарап киргизген электрондук кезек күтүү системасы, ал эми Орусия тараптан талап кылынган тиешелүү документтердин жетишсиздиги негиз болуп жатканы айтылууда. Мындай кырдаалдан Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди жөнөткөндөр чыгымга кириптер болуп калуу коркунучунда турат. Соңку кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү комментарий бере элек.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекети аркылуу Орусияга оор жүк ташып бараткан ондогон айдоочулардын бири 13-сентябрдан бери казак-орус чек арасында бир нече чакырымдарга созулган узун кезектер пайда болгонун айтып берди. Буга казак тараптын электрондук кезек системасын киргизгени негизги себеп экени бейрасмий айтылганын белгилейт.

Дагы караңыз "Тартиптин жоктугу". ЕАЭБ эрежеси эмнеге сакталбай жатат?

"Электрондук кезекке туруш үчүн алдын ала бир ай мурункуга алыш керек болуп атат. Анан кайсы күнгө алсаң, ошол күнү чек арадан өтүшүң керек, болбосо кайталап кайра электрондук кезекке турушуң керек болот. Азыр эми чек арада машинелердин кезеги 10 чакырымга чейин созулду, эртеңкиге же эки күндөн кийинкиге деп электрондук кезекке тура албай атабыз, аз дегенде кезек бир айдан кийин келет экен. Бул кезексиз эле чек арага барып алсаң, очлойгон айыппул салат",-деди атын атагысы келбеген айдоочу.

Кыргыз-казак чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалар. 22-сентябрь, 2025-жыл.

Казакстанда оор жүк ташыгандар үчүн электрондук кезек (eQueue) системасы алгач 2022-жылы ноябрда киргизилген. 2023-жылдын июнь айынан тарта бул система бардык оор жүк ташуучулар үчүн милдеттүү процедурага айланган. Бул система жүк ташуучу автоунаалардын чек арадан өтүүсүн, бажы терминалдарына кирүүсүн же логистикалык борборлорго киришин тартипке салып, узак күтүүлөрдү жана тыгындарды азайтуу максатын көздөрү айтылган.

Дагы бир айдоочу үч жолу электрондук кезекке туруп, Орусияга кире албай калгандар "кара тизмеге" түшүп калып жатканын кошумчалады.

"Орусияга киргизбей атат. Мисалы, 15-сентябрга алгандар кире албады, андан кийин 17-сентябрга деп кайра кезекке тургандар кайра кезек жылбай турушту. Эми мына 25-сентябрга дагы электрондук кезекке турушту. Ал онлайн документте "баланчасында келип, саат баланчада чек арадан өтөсүң" деп жазылган, ал убакытка үлгүрбөй калса бүттү, "кара тизмеге" кирет экен. Ошого көп айдоочулар жетишпей убара тартууда".

Дагы караңыз Евразия экономикалык биримдиги: Кыргызстандын 10 жылы

Соңку төрт жылдан бери маркетплейс аркылуу иштеп, Кыргызстанда тигилген товарларын Орусияга жөнөтүп турган Нуржамал 4-сентябрдан бери бушайман. Ал товарынын биринчи партиясын 4-сентябрь, экинчисин 10-сентябрда эки башка карго кызматтары аркылуу Орусияга Казакстан аркылуу жөнөткөнү менен дээрлик 18 күндөн бери товары көздөгөн жерине жете элек. Мындан улам Вайлдберизден бир нече жолу эскертүү алганын айтууда. Эгер сентябрдын аягына чейин өндүрүлгөн товары кардарларына жетпесе, чоң чыгашага кириптер болом деп кооптонуп турат.

"Орустар Кыргызстандан кийим-кече тиктирип, ага "Орусияда өндүрүлгөн" деген этикетка чаптатып кетишчү. Мына ошолорду кармап атат деп айтышат, бирок мен ага деле ишенбейм. Эми биз Вайлдберизден толгон айыппул жазасын алдык, дагы канча күтөбүз, качан маселеле чечилет мен билбейм. Бирөөсү Орусия киргизбей атат дешет, бирөөсү Казакстан күнөөлүү дешет, кимисине ишеништи билбейсиң. Мен тиккен товардын өз баасы бир даанасына 1200-1300 сомдон. Бир жөнөткөндө 580, экинчисинде 425 даана жөнөткөнүз, ошондо миллион сомдук товар турат чек арада. Дагы бир аз туруп калса ал кийим өтпөйт, сатууга мүмкүн болбой калат. Биз жеткирүүлөрдү жолго коюп алдык эле, эми мындай болуп калды. Карго кызматтары болсо 2-3 күндө маселе чечилет деп келатканы менен жыйынтык жок".

Казак-орус чек арасындагы оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги. 19-сентябрь, 2025-жыл.

Ушундай эле абалга дагы бир ишкер туш болгон. Ал 7-сентябрда өзү такай колдонуп келген Вайлдбериздин Казандагы карго кызматына товарын жөнөткөн. Адатта бир аптада жетип, сегизинчи күн дегенде товары сатыкка чыгып калганы менен бул жолу көрүнүш такыр башка.

"Товарлар өтпөй, Казакстан менен Орусиянын чек арасында турат. Ал жерде биздин эле товар эмес, толгон жүк ташуучу автоунаалар турат экен. Биз сураганда электрондук кезек боюнча кандайдыр бир көйгөй болуп атыптыр деп эле коюшту, андан ашык маалымат берилген жок. Бүгүн мына 22-сентябрь, мөөнөтүнөн дагы бир жумага кечиктик. Бүгүн да байланышканыбызда жаңы маалымат жок экенин, күтүп жатканын айтышты. Мен өзүм аялдарга арналган кийим-кече сатам, мен бул жолу жөнөткөн товар сентябрь-октябрь айларында кийгенге ылайыкташкан. Азыр кампада товар аз калып баратат, жаңы жөнөткөн товарыбыз болсо өтпөй турат. Эми сезон өтүп кетет го деп кабатырланып атабыз", - деди Элмира аттуу ишкер.

Ишкерлер Орусия тарап чек арадан шейкештик сертификаты, декларациясы жана башка документтери толук болбогон жүктү киргизбей жатканын айтууда.

Дагы караңыз Чолпон-Ата саммити: ЕАЭБ чектөөлөрү, Орусиянын мүдөөсү

Ал эми Экономика министрлиги мындай узун кезекти бир нече себеп менен түшүндүрдү. Мекеменин бөлүм башчысы Бакыт Шабдановдун пикиринде, Казакстандын, Орусиянын чек арасына күнүмдүк керектөөдөгү товарларды ташыгандардын колунда дайыма шайкештик сертификаты менен декларациясы болот.

"Декларацияны "Кыргызстандарт" берет, ал эми шайкештик сертификатын 25 орган берет, анын арасында жеке да мамлекеттик да бар. Мына ушул эки документ боюнча маселе жаралбашы керек. Менин оюмда ал жерде башка маселе бар болгондуктан токтотуп атат. Маселен, көбү шайкештик сертификатын башка сертификат менен алмаштырып алышат. Тиги же бул товарды алып бараткандан кийин ал товар кайда, кандай өндүрүлдү деген суроолорго жооп бере турган документи болушу керек".

Августта казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Бишкекке расмий сапары келген учурда товарларды тоскоолдуксуз, шар өткөрүү үчүн бир катар келишимдер каралып жатканын да билдирген.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташыган автоунааларга электрондук кезек киргизилерин билдирген. Долбоор ишке ашса айдоочулар чек ара бекетине бир-эки күн эрте келип күтпөй электрондук кезекке турат жана кезеги жеткенде посттон өтөрү да айтылганы менен ал качан ишке ашары так белгиленген эмес.

“Биздин чек араларда эми электрондук кезек деген түшүнүк пайда болот. Азыр Токмоктогу жана башка өткөрүү пунктарында узун кезектерди көрүп жатабыз, ошолорду жоюу үчүн биздин эки модуль - чек ара аймагындагы оператору болуп салык кызматтары эсептелет. Мындан ары орто жана чакан ишкерлерге, жүк ташуучуларга жана бизнестегилерге жеңилдик болот”.

Былтыр эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 1,7 млрд АКШ долларына жеткен.

Эки өлкө ортосундагы соода алаканын негизин азык-түлүк өнүмдөрү, курулуш материалдары, отун жана мунай, жер семирткичтер, металл буюмдар жана баалуу рудалар түзөт.

Дагы караңыз Мишустиндин сапары: Бишкекти инвестиция, Москваны санкция ойлондурат

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров бул маселе өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин же болбосо президенттеринин деңгээлинде тез арада чечилиши керек деп эсептейт. Маселен ЕАЭБдин алкагында ага мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү тоскоолдуксуз ишке ашуусу керек.

"Өкмөттүк деңгээлде Адылбек Касымалиев Михаил Мишустинге кат жөнөтүшү керек. Анан эгер такыр болбой баратса, анда президенттердин деңгээлине чыгарып маселени, чечүү жолдорун караштырыш керек. Бирок ЕАЭБдин келишимине ылайык, товарга тиешелүү бардык документтер колунда болсо, чек арадан эчкандай чектөөсүз же болбосо тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Анткени ЕАЭБдин деңгээлинде эркин товар жүгүртүү - келишимдин эң базалык негизи. Эгер маселе такыр эле чечилбесе сотко кайрылса болот".

Дагы караңыз ЕАЭБдин ашы менен ташы. Кыргызстан эмнеге нааразы?

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги утур-утур болуп турат. Өзгөчө Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинде айдоочулар жүгүн Казакстанга өткөрүүдө маселе көп жаралат.

Казак-орус чек арасында узун кезек жаралганын байма-бай оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары видео тартып, социалдык тармактардагы баракчаларына жүктөп келишет. Андай видеолорду соңку бир жумадан бери тынбай көрүүгө болот.