Орус өкмөтү аскердик каттоодон качкандарды жарандыктан ажыратуу тартибин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу мамлекеттик ТАСС агенттиги өкмөттүн расмий корутундусуна шилтеме берип кабарлады.
“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаттары "Аскердик милдет жана аскердик кызмат өтөө жөнүндө" жана "Жарандык жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан. Маалыматка караганда, бул өзгөртүүлөр буга чейин кабыл алынган мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин камтыйт.
2024-жылдын жай айларында Орусиянын Мамлекеттик думасы орус жарандыгын алгандан кийин милдеттүү түрдө аскердик каттоого туруу тууралуу мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, жарандык алган адам эки жуманын ичинде аскер комиссариатына келүүгө же бир жуманын ичинде Мамлекеттик кызматтар порталында арыз берүүгө милдеттүү. Аскердик билети жок жарандар Орусияда мыйзамдуу иштей албайт.
Президент Владимир Путин чет элдиктерди орус жарандыгынан ажыратуу тартиби тууралуу мыйзамга былтыр 8-августта кол койгон.
Буга чейин Орусиянын жарандык тууралуу мыйзамдарына ылайык, оор кылмыш жасаган чет өлкөлүктөрдү жарандыктан ажыратуу учурлары катталган. Аскердик каттоого турбаган теги чет өлкөлүк орус жарандарын атуулдуктан ажыратуу демилгеси Орусия Украинга согуш ачкан учурдан бери көтөрүлүп келген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буга чейин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, 30 жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан. (AiA)