Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, IV Элдик курултай 2025-жылдын 22-декабрында өтөт. Жарлыкта белгиленгендей, ага 700 делегат катышат. Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилди. Делегаттар "Элдик курулутай жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык шайланат.
Министрлер кабинетине, Президентинин иш башкармасына, облустук администрацияларга, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекемелерге курултайды уюштуруу тапшырмасы берилди. Коомдук коопсуздукту Ички иштер министрлиги камсыз кылат.
2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү келген.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.
Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн. (КЕ)
Төртүнчү Элдик курултай 22-декабрга белгиленди
Үчүнчү Элдик курултай. 20-декабрь, 2024-жыл.