Анда бул сунушту келерки жылдын аягында парламенттик жана 2027-жылдын башында президенттик шайлоо удаа өтүп калары, бул экономикалык, социалдык жана техникалык кыйынчылыктарды жаратышы ыктымалдыгы менен негиздешкен. Болжол менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо ноябрь айынын этегинде өтүшү мүмкүн.
Парламенттин өзү өзү таркатуу сунушу тууралуу демилгечилердин бири, депутат Улан Примов баяндама жасады. Анда бул сунушту "мамлекеттеги туруктуулук үчүн" деген жүйө менен негиздеди.
Улан Примов.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айынын аягында өтүшү керек эле. Бирок бир айдан кийин эле Кыргыз Республикасынын президентинин кезектеги шайлоосу туш келип жатат. Мындай учур саясий туруксуздукка алып келиши толук ыктымал. Мамлекетте мындайга жол бербешибиз керек, бийлик бутактары кандай учур болбосун иштеп туруусу зарыл. Кыска убакытта эки масштабдуу шайлоо кампаниясын уюштуруу, өткөрүү олуттуу финансылык, адамдык, материалдык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Бул шайлоо системасына ашыкча жүктү жаратып, каталардын жана мыйзам бузуулардын коркунучу дагы күчөшү ыктымал. Шайлоону кыска убакыт аралыгында өткөрүү шайлоо системасына оорчулукту жогорулатып, өлкөнүн саясий системасынын туруктуулугуна, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жана демократиялык процесстердин сапаттарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деди Примов.
Дагы караңыз "Талапкерлер кыргыз тилин сөзсүз билиши керек". Шайлоо мыйзамы өзгөрдү, шарт-эреже көбөйдүУлан Примов мунун алдында "Азаттыкка" комментарий берип жатып, комитеттин чечимин алгач координациялык кеңеш карарын, андан кийин жалпы жыйынга чыгарыларын билдирди. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы кийинкиси шайланып келгенче макамы сакталып турарын белгиледи. "Азаттык" Примовдун адатта коомчулукта талаш-талкуу жараткан демилгелер, мыйзам долбоорлорго байланыштуу негизги баяндамачы катары чыгып жүргөнүн эске салып, өзүнүн пикирин сурады.
"Эми депутат болгондон кийин чуулгандуу болобу, кандай мыйзам долбоору болсо да мамлекетке пайдасы тийсе, албетте сөзсүз түрдө демилгечилердин катарында дагы болом. Ошол маселелер боюнча негизги баяндамачы бол десе, мен эч качан жок дебейм. Парламентти ар дайым эле сындап келишкен. Сиз парламенттин бардык чакырылышын карай турган болсоңуз анда сын айтылбаганы болгон эмес. Парламенттин 7-чакырылышы аткаруу бийлиги менен конфронтацияга барбай, конструктивдүү, аябай ыкчам иштеди десем жаңылышпайм. Ушул чакырылышы мамлекеттин туруктуулугуна дем берген, күч берген, таасир эткен мыйзамдарды кабыл алды".
Улан Примов келерки шайлоого катышарын биллдирди.
Өзүн өзү таркатуу демилгесин комитетте каралып жатканда талкуу дээрлик болгон жок. Депутат Элмурза Сатыбалдиев бул сунуш көбүрөөк талкууланса болмок деген оюн билдирди. Ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, аны төмөнкүчө чечмеледи.
Элмурза Сатыбалдиев.
"Парламенттин өзүн өзү таркатуусу деген эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бул дагы коомдо кененирээк талкууланса, бир аз түшүндүрүү болсо дегем. Коомдун баарында эле юридикалык билими бар эмес да. Ошолорго терең түшүндүрсөк болмок. Азыр болсо эки негиздеме менен чыгып алып, коомго эч нерсени түшүндүрө албай калдыкпы деген менде сезим бар. Эгерде биз эч кимге түшүрдүрө албай калсак, демек бул чакырылыш бир аз жакшы иштей албай калгандай сезим калтырышы мүмкүн. Мен ошон үчүн сунуштап койдум. Кененирээк талкуулап, негиздерин кенен кылып дегендей. Кенен дегенде ошол 32 депутат отуруп алып, кенен-кесири талкуулап койсо жакшы болмок".
Элмурза Сатыбалдиев өзү келерки шайлоого барбасын белгилеп, парламентте муун алмашуусу керектигине токтолду.
"Мен өзүм кийинки шайлоого барбайм. Себеби мамлекеттик жумуш, элдин жүгүн алып жүрүү оңой иш эмес. Мен болгон тажрыйбамды жумшадым. Эми мындан ары кичине үлгүлүү болуп, бир аз эс алайын деп жатам. Азыркы чакырылышы бул уникалдуу чакырылыш болду. Себеби 34 жылдан бери чечилбей келе жаткан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арабыз парламентте ратификациялоо жолу менен чечилди. Бир чакырылышты жакшы, дагы бир чакырылышты жаман деп айтууга болбойт. Бардыгы салыштырмалуу болот. Эмки келе турган 8-чакырылыш кандай болот, ал жагы азыр бүдөмүк. Бизди азыр жаман иштеп кетип жатат деген дагы сөздөр айтылып жатпайбы. Мен эми карып калдым деп айта албайм, 60 жашка чыктым. Бирок парламент жаңыланса, жаштар келсе иш жаңылануу менен жүрөбү деген ой бар. Себеби мисалы менин иштөө тажрыйбам дагы эскиргендей, коомго туура келбегендей туулат. Биз совет доорунда иштеп, көнүп калганбыз да. Азыр болсо коом, жашоо башка, бардык нерсе өзгөрүп жатат. Ошондуктан парламенттин өзүн өзү таркатып жатканын деле туура таптым. Өз учурунда эле болуп жатса керек, балким мындан дагы эртерээк таркаса болмок. Эң негизги шайланып келген ар бир депутат өз милдетин аткардыбы деген суроо бар. Мен Өзгөн шайлоо округунан шайланып келгем, мен өз милдетимди толук аткара алдым деп эсептейм".
Депутат Бактыяр Калпаев дагы парламенттин өзүн өзү таркатуусун колдорун, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында жаңы муундун өкүлдөрү көбүрөөк келет деп үмүттөнүп турганын айтты.
Бактыяр Калпаев
"Мен бир мандаттуу округдан шайланып келгем. Партиялык система менен келген депутаттарда жоопкерчилик болбой, эл менен түз байланыш болбой жатат деген сын-пикирлер айтылып келген. Бир мандатуу округдан шайланып келгенде ошол аймакка түз жооп бересиң деп жаңы система киргизилди. Ошондуктан биз жеке кызыкчылыкты ойлобой ушуга бардык. Парламентке дагы көбүрөөк жаштар келсин деген максат менен мен колдоп жатам. Эл өзүнүн баасын берет. Эл кимди тандаса, ошолор кайра депутат болуп келет. Мурдагы депутаттар, азыркылардын көбү кайра шайлоого катышабыз деп жатышат. Бирок курамы көбүрөөк жаңыланат деген үмүтүбүз бар. Мен былтыр өзүм шайланып келдим. Өзүңөр байкагандай, былтыр жалаң эле жаштар келишти. Келерки чакырылышта өлкөбүзгө кызмат кылам деген, өзгөртөм деген жаштар келет деген ишенимим чоң".
Дагы караңыз Мыйзамга кол коюлду: Депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланат
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
Жогорку Кеңештин азыркы VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана бир мандаттуу 36 округдан шайланып келген депутаттар түзөт.