Байтикте жергиликтүү кеңештин үч депутаты жерди мыйзамсыз бөлүүгө шектелип кармалды

Чүй милициясы тараткан сүрөт.

Чүй облусунун Аламүдун районуна караштуу Байтик айылында жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы боюнча коррупциялык схемага шектелип жергиликтүү кеңештин үч депутаты кармалды. Облустук милициянын билдиришинче, быйыл жайында айыл тургундары кайрылып, кызмат адамдарына чара көрүүнү суранышкан. Алар 2019-2024-жылдар аралыгында Байтик айыл өкмөтүнүн аймагында белгиленген тартиптерди бузуп, кезексиз түрдө 25 жаранга 2 гектардан ашык жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин айтышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкелерин кезексиз жана мыйзамсыз берүү, аларды аффилирленген адамдардын наамына каттоо аркылуу кийинкиде сатып, пайда алуу максатында уюштурулган коррупциялык схемалар аныкталды. Байтик айылындагы бир жер тилкесинин базардык баасы 70 000-100 000 АКШ долларын түзөт", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Бул кылмыш ишинин алкагында Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1975-жылы туулган А.А. жана учурдагы жер адиси 1992-жылы туулган С.Б. кармалган. Тергөөдө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бул кылмышка катыштыгы аныкталып, 1992-жылы туулган Ч.Ж., 1987-жылы туулган А.М. жана 1991-жылы туулган Э.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча башка адамдардын катышын аныктоо багытында тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.

Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары комментарий бере элек.

Август айында да Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жер сатуу ишине байланыштуу Васильевка айылынын жергиликтүү кеңешинин мурдагы жана азыркы депутаттары кармалганын кабарлаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Парламент комитети Жогорку Кеңешти таркатуу сунушун колдодуДепутаттар Өмүрзаков менен Эрбаев ИИМдин ишине байланыштуу кайым айтыштыФинансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын акциясынын көзөмөл пакетин сатып алдыКара-Жыгач: курулушта үч кишинин өмүрүн алган окуяга шектүүлөр кармалды