Ал тапта Палестин мамлекетин түзүүгө жол бербей турганын кайталаган Израилдин танктары Газа шаарынын ичкери аймагына бир нече километр жылганы кабарланды.
Франция жана Сауд Арабиянын демилгеси менен уюштурулган саясий форумдун максаты - Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды эки мамлекеттин негизинде жөнгө салуу жараянын жандандыруу экени айтылган.
Европа кеңешинин төрагасы Антонио Кошта Газа гуманитардык апааттын кырында турганын эскертип, ачарчылык согуш куралы катары колдонулуп жатканын белгиледи:
"Европа биримдиги ок атууну токтотууга, гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишине жана бейстабилдүүлүккө чекит коюуга дагы бир жолу үндөйт. Барымтадагылардын бардыгын шарт койбостон бошотууну талап кылабыз. Газадагы аскердик чабуулду, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги эскалацияны да чечкиндүү айыптайбыз. Израилди ал операцияларды, мыйзамсыз конуштарды курууну токтотууга чакырабыз. Бүгүнкү конференциянын жыйынтыгы катары Палестина мамлекетин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көбү тааныды".
Еврокеңештин төрагасы жанаша жашаган эки мамлекет түзүү - жаңжалды жөнгө салуунун жападан жалгыз жолу деп белгиледи.
Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стөре Палестинага каржылык жардам берүү маанилүү экенине токтолуп, Израилди палестин өкмөтүнө таандык салыктан түшкөн акчаны кайтарып берүүгө үндөдү. Анын айтымында, ал каражат мектеп, оорукана, полицияны каржылоо үчүн зарыл.
Мальтанын премьер-министри Роберт Абела Палестинаны таануу - ХАМАС радикал тобунун чырагына май тамызат деген кооптонууну төгүндөп, согушкер уюм эки мамлекети түзүүгө каршы чыгып жатканын эске салды.
Форумду ачып жатып, Франциянын президенти Эммануэл Макрон анын өлкөсү Палестинанын көз карандысыздыгын тааныганын жарыялады:
"Өткөн жылдын июлунан бери окуялар өтө тез өнүгүп жатат. Азыркы кырдаалды эске алганда, Израилдин аракеттери Авраам жана Кемп-Дэвид макулдашууларын үзгүлтүккө учуратат, Жакынкы чыгышта дагы көп жыл бою бейпилдик орнобойт деген копотонууга жем таштады. Андыктан бизге эбегейсиз жоопкерчилик жүктөлүүдө. Маселени Израил жана Палестина тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша өмүр сүргөн эки мамлекет түзүү аркылуу чечүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга тийишпиз".
Макрон палестин элинин укуктарын таануу Израил элинин укуктарын чектебей турганын белгилеп, Газадагы урушту токтотууга жана барымтадагыларды бошотууга чакырды.
Ошол эле жыйында Бельгия, Монако, Мальта жана Люксембургдун жетекчилери Палестина мамлекетин расмий таанышканын жарыялашты.
Мурунку күнү Британия, Канада, Австралия жана Португалия ушундай эле билдирүү жасаган. Ушуну менен Чоң Жетинин үч мүчөсү Палестинанын көз карандысыздыгын тааныды.
Европалык өлкөлөрдүн көбү эми Палестинаны тааныганы менен Германия жана Италия андай кадамга баруу азыр эрте, эки мамлекет түзүү тынчтык жараянына бут тосушу ыктымал деген позицияны карманат.
Сөз болгон форумду Израил жана анын негизги өнөктөшү АКШ бойкоттошту.
Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Дэнондун айтымында, барымтадагылардын бардыгы кайтарылып, ХАМАС сүрүлүп чыкмайынча, Газадагы согуш улана берет:
"Биз ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнө даярбыз. ХАМАС тилкеден сүрүлүп чыгарын билебиз. Ошон үчүн арачылар менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Жараян токтоп калбайт деп ишенебиз. Акыр аягында ХАМАС Газаны көзөмөлдөбөйт".
Элчи радикал топтун колундагы туткундардын абалы кейиштүү, алар медициналык жардамга муктаж деп кошумчалады.
Тел-Авив Палестинаны таануу анклавдагы согушту токтотуу перспективасына көлөкө түшүрөрүн айтып, андай кадам хамасчылардын чырагына май тамызарын, терроризм үчүн сыйлык болуп эсептелерин айтып келатат.
ХАМАС АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп жарыяланган.
Эки мамлекет түзүү тууралуу 1993-жылкы Осло келишимдеринде айтылган. Бирок 2014-жылдан бери бул жааттагы сүйлөшүүлөр токтоп турат.
Нью-Йорктон, саясий талкуулардын чордонунан миңдеген километр алыс жердеги газалыктар палестин мамлекетин таануудан майнап чыгарына анча ишенбейт. Алар 60 жаштагы Абу Мухран Салмандай болуп Израилдин чабуулунан, улам жакындап келаткан танктардан качып, башкалка издөө менен алек болуп жаткан чак:
"1948-жылдан бери бүгүнкүгө чейин Палестинага, Газага, биздин элге, абалыбызга тиешелүү кабыл алынган бир да резолюция аткарылган жок. Бир да чечим ишке ашкан жок".
Шейшембиде ЦАХАЛ Газа шаарынын ичкери аймагына бир нече километр жылганы кабарланды.
Израилдин бийлиги калаанын тургундарына башка жактарга көчүп кетүү көрсөтмөсүн берген.
Тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси көп кабаттуу имаратка урулган аба соккусунан шейшембиде кеминде 4 киши өлгөнүн билдирди.
Мекеме жекшембинин кечинде тараткан маалыматка караганда, согуш башталгандан бери 65 миң 283 палестиналык каза тапты.
Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда АКШ жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.