Молдованын президенти Майя Санду Орусия өз талапкерлерин өткөрүү үчүн аракет көрүп жатканын белгилеп, шайлоочуларды европачыл күчтөрдү колдоого чакырды. Өлкө 28-сентябрда жаңы парламентти шайлаганы жатат.
Сандунун айтымында, Москва Молдованын жарандарын сатып алуу үчүн «жүз миллиондогон доллар» жумшап келатат. Президент орусиячыл партиялар жеңсе, өлкө Европадан кол үзүп каларын жана Украинанын Одесса облусунда операция жүргүзүү үчүн орус армиясынын плацдармына айланарын эскертти.
Молдова бийлиги орусиячыл деп атаган Патриоттук блоктун лидерлери Сандуну жарандарды коркутуп жатат деп айыпташты.
Дүйшөмбү күнү полиция бир нече рейд жүргүзүп, 70тен ашуун кишини Орусиянын көрсөтмөсү менен шайлоодон кийин башаламандык уюштурууну көздөгөн деген негизде кармап кетти. Оппозиция бийликти саясий куугунтукка айыптады.
Шайлоодо негизги күрөш башкаруудагы европачыл партия менен социалисттер, коммунисттер негиздеген Патриоттук блоктун ортосунда жүрөрү болжолдонуп жатат.
Молдова бийгили ишкер Илан Шор менен байланышы бар деп эсептеген бир нече партия саясий жарыштан четтетилген. Мекенинде соттолгон бизнесмен Орусияда жашап жүрөт.
Өз кезегинде Евробиримдик Москва Молдовадагы шайлоого кийлигишиши мүмкүн деп эскерткен. Орусия аны четке кагып, чалгын кызматы Батыш Молдованы «басып алгысы келет» деп билдирди.