АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө анын биринчи президенттик мөөнөтү учурунда жетишилген тынчтык «ойрон» болуп, «ири кризистер» пайда болгонун билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда өлкө алсырай түшкөн, бирок азыр эми «дүйнөдө АКШга атаандаштар жок».
Мамлекет башчы азыркы учурду «Американын алтын доору» деп атады.
Трамп европалык өнөктөштөрдү Орусиядан мунай сатып алууну токтотууга чакырып, Кытай менен Индияны Москванын Украинага каршы согушун каржылап жатканы үчүн айыптады.
Америкалык лидер урушту токтотуу үчүн Орусияга санкция салууга даярдыгын айтып, бирок европалык өлкөлөр ушундай эле кадамга барбаса, андан майнап чыкпай турганын белгиледи.
“Орусия согушту токтотуу багытында келишимге көнбөсө, Кошмо Штаттар тарифтердин олуттуу айлампасын киргизүүгө даяр. Мындай чара кан төгүүгө тез арада чекит кое алат деп ишенем. Бирок алардын жемиштүү болушу үчүн европалык өлкөлөр да бизге кошулуп, ошондой эле кадамдарды жактырышы керек”, - деп билдирди Трамп.
Өз сөзүндө АКШнын президенти Палестина мамлекетин таанууга каршы экенин айтып, мындай кадам ХАМАС радикал тобу жасап жаткан ырайымсыз кол салуулар үчүн сыйлык болуп каларын белгилеп, барымтадагы израилдиктерди бошотуу талабын кайталады.
Трамп миграция маселесине кайрылып, мыйзамсыз келгиндерди кармоо, АКШдан депортациялоо аракеттери менен мактанды жана башка лидерлерди мигранттар жаатында катаң саясат жүргүзүүгө үндөдү.
Өз сөзүндө ал Улуттар уюму дүйнөнүн чар тарабындагы жаңжалдарды токтотуу аракеттерин колдобой жатат деп сындай кетти.
Башкы ассамблеяда үстүбүздөгү аптада 150 чакты мамлекет лидерлери, өкмөт башчылар чыгып сүйлөмөкчү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк убактысы менен кечинде (Бишкек убактысы менен 24-сентябрда) сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.