Ооганстанда дүйшөмбү күнү интернет иштебей калды

Мазари-Шариф шаарындагы интернет тараткан жабдыктар.

Ооганстанда дүйшөмбү күнү бүт өлкө боюнча интернет иштебей калганын AFP агенттиги билдирди. Бир нече апта мурун “Талибан” өкмөтү бир катар провинцияларда була-оптикалык байланышты үзө баштаган. AFP агенттиги Кабулдагы бюросу менен кечки саат 6:15те байланыш жоголгонун маалымдады.

Киберкоопсуздук жана интернетти башкаруу маселелери менен алектенген Netblocks уюмунун маалыматына караганда, интернет байланышы кадимки трафиктен 14 пайыз төмөндөдү.

Талибдер интернетти өчүрүүнү адеп-ахлакка сыйбаган иштерди алдын алуу максаты менен түшүндүргөн. Буга чейин алар желеде порнографиянын тараганына тынчсыздануусун билдирип келишкен.

Сынчылар интернетти бөгөттөө “Талибандын” жарандардын эркиндиктерин жана маалыматты бөлүшүү эркиндигин чектөө саясатына дал келерин белгилешет.

2021-жылы "Талибан" кыймылы бийликке кайтып келгенден бери кыймыл оогандардын, өзгөчө кыз-келиндердин укуктарын кыйла чектеди, оппоненттерин куугунтуктоону күчөттү.

Дагы караңыз

Израил Газа шаарынын тургундарын кайрадан көчүп кетүүгө чакырдыКеллог: Украина АКШнын куралы менен Орусиянын ичине сокку ура алатЖАМК абактагы Имамидин Ташов кыйноого кабылбаганын билдирди