Президент Жапаров парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун 30-ноябрга белгиледи

Жогорку Кеңеш

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шайлоону уюштуруу, аралыктан добуш берүүнү колдонуу тапшырмасы, Министрлер кабинетине БШКга бардык чыгымдар үчүн каражат бөлүүнү, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү, шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрүү, киберкоопсуздукту сактоо баштаган бир нече тапшырма берилди.

Ошондой эле президент жарлыгында Башкы прокуратурага шайлоону өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Депутаттар мындай кадамга кийинки жылы парламенттик жана президенттик шайлоолор удаа өтөрүн, саясий стабилдүүлүктү сактоо ниети менен түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу.

Дагы караңыз

Ооганстанда дүйшөмбү күнү интернет иштебей калдыМолдованын оппозициялык альянсы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирдиИзраил Газа шаарынын тургундарын кайрадан көчүп кетүүгө чакырдыЖАМК абактагы Имамидин Ташов кыйноого кабылбаганын билдирдиДрон чабуулуна байланыштуу Москванын Жуковский аэропорту жабылды Абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирди