Сирия жана Ирактан баш-аягы Кыргызстандын 551 жараны өлкөгө кайтарылды

Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

2021-2025-жылдары Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 551 жараны өлкөгө алынып келди.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы менен “Мээрим” деп аталган биринчи миссия ишке ашырылып, Кыргызстандын жарандары болгон 81 бала Ирактан кайтарылган.

2022-жылдан 2024-жылга чейин “Айкөл” операциясынын алты этабынын алкагында Сириядагы лагерлерден Кыргызстанга 460 адам (145 аял жана 315 бала) алынып келген. Сирия жана Түркиядан 2024-2025-жылдары дагы 10 аял жана балдар кайтарылган. Жалпысынан 551 адам репатриацияланган (мекенине кайтарылган).

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Сирия жана Ирактан балдарды мекенине алып келүү маселеси боюнча Борбор Азия аймактык конференциясында айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“2019-жылдан бери 1,6 миңден ашуун бала Борбор Азияга кайтарылды. Алардын көбү жаңжал болгон аймактарда төрөлүп-өсүп, жашоодо ар кандай олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушкан”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Бул өлкөдө ушул тапта канча кыргызстандык бар экени тууралуу так маалымат жок. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун 30-ноябрга белгиледиОоганстанда дүйшөмбү күнү интернет иштебей калдыМолдованын оппозициялык альянсы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирдиИзраил Газа шаарынын тургундарын кайрадан көчүп кетүүгө чакырдыАбактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирдиКыргызстанда кыйноо фактылары кыскарганы, бирок маселе актуалдуу экени айтылды