Орусия Сумыдагы турак үйгө сокку урду, бир үй-бүлөнүн өмүрү кыйылды

Орусиянын Киевдеги соккусунун кесепети. 28-сентябрь, 2025-жыл

Орусиянын армиясы 30-сентябрга караган түнү Украинанын Сумы облусунун Чернетчина айылындагы турак үйгө дрон менен сокку урду.

Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, соккуда бул үйдө жашаган түгөйлөр жана алардын 4, 6 жашар эки уулу каза тапты. Куткаруучулар алардын сөөгүн уранды алдынан чыгарышты.

"Бул өтө оор, орду толгус жоготуу. Чернетчинадагы бир үй-бүлөнүн жок болушу биз эч качан унутпай жана кечирбей турган кайгы", - деп жазды Григоров Телеграм каналына.

Украинанын Сумы облусу Орусия менен чектеш аймакта жайгашкан. Орус армиясынын аткылоосуна тынымсыз кабылып келатат.

29-сентябрга оогон түнү Конотопский районундагы калктуу пункттардын бирине урулган соккуда бир киши жараат алган.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы катары карашат.

Москва өз армиясы Украинанын жарандык инфраструктурасы менен карапайым калкка атайлап сокку урат деген айыптоолорду моюнга албайт.

Дагы караңыз

АКШда трак айдоо тартиби катаалдашат"Сөөгүн Боомго ыргытып жиберген". Окуучу кыздын өлүмүнө шектүү мурда бир нече жолу соттолгон