УКМК Бишкекте адвокат алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте А.С.А аттуу адвокат Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесине шек саналып кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында жабырлануучу сөз болуп жаткан жактоочу Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин оң жакка чечип берүү убадасы менен 7 миң доллар каражат талап кылганын айтып, арыз жазган.

Шектүү адвокат 24-сентябрда талап кылган акчаны алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды. Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

2024-жылдын соңундагы расмий маалымат боюнча, өлкөдө 4700 адвокат каттоодон өткөн. Анын ичинен 2300ү Бишкек шаары менен Чүй облусунда иштейт. Ош облусунда 350дөй, калган аймактарда 100дөн жактоочу эмгектенет. (BTo)

Дагы караңыз

Волгоградда дрон чабуулунан үч кыштак жарыксыз калды Орусия Сумыдагы турак үйгө сокку урду, бир үй-бүлөнүн өмүрү кыйылды Боомдо сөөгү табылган 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды Матраимовдун өкүл баласы Сайпидиновдун камактагы мөөнөтү узартылдыТрамп менен Нетаньяху АКШнын Газага тынчтык орнотуу планын макулдаштыСирия жана Ирактан баш-аягы Кыргызстандын 551 жараны өлкөгө кайтарылдыПрезидент Жапаров парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун 30-ноябрга белгиледи