Жаза аткаруу кызматы болсо дооматтардын баарын четке кагып жатат. Атайын кызмат Ташовду былтыр апрелде камаган жана ага "бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып тагылган.
Имамидин Ташовдун ачык кайрылуусун өткөн аптада анын жактоочусу Асел Аргымбаева социалдык тармактарга жарыялаган. Кайрылууда тергөө абагында отургандар мазактоого, басым-кысымга кабылып жатканы жазылган. Тактап айтканда, Ташов аларды кара түстөгү гана кийим кийүүгө мажбурлап, чачтарын күчтөп алып салып жатышканын, калпак кийүүгө уруксат берилбей, түрмө кызматкерлери сөгүп-сагып, корс мамиле жасап жатканын айткан.
Жактоочу Асел Аргымбаеванын билдиришинче, Ташовдун ачык каты арыз түрүндө Башкы прокуратурага, Жаза аткаруу кызматына, Акыйкатчы институту баштаган тиешелүү органдарга жолдонгон:
Асел Аргымбаева.
"Соңку жарым жылдан ашык убактан бери тергөө абагында жаткандарды, али соттун өкүмү чыга электерди мазактаган тажрыйба кирди. Эрежелерде чачын кырып салуу деген түшүнүк жок, кыска, тыкан алып жүрүү керек деп гана жазылган. Ташов чачты күчтөп алган басмырлоо болорун айтып жатат. Анткени жандарына келип эле бир тилке кылып чачтарын кырып салат экен, анан айла жок чачын толук алдырганга туура келет экен. Кара кийим кийгиле деп мажбурлап жатканы боюнча, ал жерде деле тергөө абактарында так бир белгиленген кийим кийиш керек деген түшүнүк жок. Андан сырткары мыйзам, эрежелерге ылайык шейшеп-жууркан менен камсыздалышы керектигин, бирок андай нерсе жоктугун,санитардык нормалар сакталбаганын айтып жатат".
Дагы караңыз Абактагы Имамидин Ташов өзүнө үчүнчү жолу кол салдыАргымбаеванын ырасташынча, бул каттан кийин Ташовго басым-кысым дагы көбөйгөн, ишкер буга нааразы болуп 29-сентябрдан тартып кургак ачкачылык жарыялаган. Адвокат ишкердин арызын Башкы прокуратура Аскер прокуратурасына бергенин кошумчалады:
"Эмнегедир жарандык кийим кийген адамдар анын камерасына кирип "сен эмне өзүңдү ушул жердегилерден дагы акылдуу сезесиңби" дегендей ар кандай сөздөр менен коркутушкан экен. Андан кийин эч себепсиз эле 235-камерадан 218-камерага которуп коюшуптур. Камерадан камерага которгоно анын себеби так көрсөтүлгөн рапорт жазылат. Мага түрмөнүн кызматкерлери анын себебин түшүндүрүп бере алышкан жок. Которулганы тууралуу рапорт жок дешти. 218-камерада 18 адам кармалып турат экен. Анын катына байланыштуу бизге жооп келе элек. Болгону Башкы прокуратура гана арызды ага айтылгандарга юридикалык баа бериши үчүн Аскердик прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди. Аскердик прокуратурадан азырынча жооп келе элек. Кечээ мен атайын прокуратурага түрмө кызматкерлерине байланыштуу дагы бир арыз таштап келдим. Ташовго бүгүн дагы барып жолугуп, ал-акыбалынан кабар алам".
Жаза аткаруу кызматы Ташовдун дооматтары незисиз экени жазылган билдирүү тараткан. Мекеме тергөө абагында жаткандар ички тартип-эрежени сактап, камакта жаткандарга жана абактын кызматкерлерине сылык мамиле кылышы керектигин белгилеген. Камерада тазалыкты сактап, түрмө кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийиши зарыл экенин кошумчалаган.
“Тергөө абагында отурган бардык айыпталуучулар менен соттолгондор өздүк гигиенаны сактоого, чачын, сакал-мурутун кыска алып жүрүүгө, зарыл болгон учурда аты-жөнү жазылган кийим кийүүгө, абактын көрктөндүрүү иштерине катышууга милдеттүү”, - деп жазылган маалыматта.
Акыйкатчы институту Ташовдун арызына байланыштуу аны менен кызматкерлери жолугуп чыгабы же жокпу, азырынча комментарий бере элек.
Юрист Эржан Сулаймандын пикиринде, мындай арыздарга байланыштуу чукул реакция болушу керек:
Эржан Сулайман.
"Жабык мекемелерде, абактарда кармалган адамдар кыйноого кабылбашы керек. Мыйзам кыйноого тыюу салат. Бул жалпы эреже, аны бардыгы билет. Ошол жердеги шарттын өзү дагы кыйноо жаратпашы үчүн, абак кызматкерлери дагы ушундай кадамдарга барбашы үчүн көзөмөл керек. Эгерде абакта кармалып турган адам ошентип даттанып жатса, анын дооматтары такталабы же жокпу деп атайын органдар текшериши керек. Биринчиден, ошол абактын жетекчилиги, жабык мекемелерге кире алган Акыйкатчы институту чара көрүшү керек. Абакта отурган, ишинин саясий өңүтү бар деген адамдар дооматтарын айтып жатса бийлик дагы ошолордун баары ачык-айкын иликтенишин камсыз кылышы керек".
Дагы караңыз Ташовдун иши: Казак жараны "бийликти басып алууга көмөктөшкөн" деп айыпталды
Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.Райондук соттун өкүмүнө каршы адвокат шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Бул иш ушул тапта Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.
Улуттук коопсуздук комитети Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.
Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.