"Бул жерде кайдагы аскерлер?" Харьковдо базар, турак жайлар ракета менен аткыланды

Харьковго урулган соккудан кийин. Украина, 1-октябрь, 2025-жыл

Шаршембиге караган түнү Орусия 49 дрон менен сокку урганын, алардын 44ү атып түшүрүлгөнүн украин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, орус аскерлери "Искендер" баллистикалык ракеталары менен кемелерге каршы "Оникс" ракетасын пайдаланган.

Бомбалар менен ракеталар Харьковду бутага алганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Ал арада украин президенти Орусия оккупациялаган Запорожье АЭСинде абал курчуганын эскертти.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов түнкү чабуулдан алты киши, арасында бир бала жараат алганын, бир нече жерде өрт тутанганын Телеграм-каналына жазды. Украинанын экинчи ири шаары болгон Харьковдун калаа башчысы Игорь Тереховдун маалыматына ылайык, ири базарлардын бирин жана турак жайларды өрт чалды.
Соодагерлер дүкөндөрү талкаланганын, оокаттары күйүп кеткенин айтып жатышты.

Олена Макогон ал сокку маалында жарадар болгон:

"Бул жерде кайдагы аскерлер? Бир да жоокерди таба албайсыңар. Тигил жакта Лара жашайт, аркы тарабында Наташанын үйү, андан кийинки үй дагы бир Наташа деген кошунамдыкы. Өзүңөр барып карап көргүлөчү".

Орусия менен чектешкен Харьков согуш башталгандан бери аба чабуулдарына кабылып келатат.

Далилдерге карабай, Москва жарандык жайларды, карапайым кишилерди бутага алганын танып келет. Орус Коргоо министрлиги соңку соккуну комментайрилеген жок.

Шейшемби күнкү кечки кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский орус аскерлеринин аткылоосунан улам, жети күндөн бери реакторлорду муздатуу үчүн электр зымдарын калыбына келтирүү мүмкүн болбой жатканын айтып, Орусия оккупациялаган Запорожье атомдук станциясында абал курчуганын эскертти.

"Мындай кырдаал баары үчүн опурталдуу. Дүйнөдөгү бир да террорист АЭСти Орусиядай болуп колдонууга чейин барган эмес. Дүйнө буга каршы аракет көрүүгө тийиш. Мен аскерлер жана Энергетика министрлигинин жетекчилери менен жыйын курдум. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн ушул маселеге бурдурууга аракеттенүү тапшырмасын бердим”.

1-октябрда Кремл станцияны украин аскерлери аткылап атканын, Орусия көзөмөлдөгөн ишкананы өзү бомбалады деп айыптоо акылга сыйбай турганын билдирди.

Европадагы эң ири АЭСти орус күчтөрү согуштун алгачкы күндөрүндө басып алган. Ошондон бери тараптар ишкананын коопсуздугуна коркунуч жараткан чабуулдар үчүн бири-бирин айыптап келишет. Ушу тапта станция электр энергиясын чыгарбаганы менен реакторлордун эрип кетишин алдын алуу үчүн муздатуучу жарбдыктардын иши камсыздалышы керек.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси АЭСти электр жабдууларга кайра туташтаруу үчүн эки тарап менен тең иштеп жатканын билдирди.

Шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда Зеленский ошондой эле Днепр шаарына дрон менен сокку урулганын сөз кылып, бутага атайылап калаанын борбору алынганын, бир киши каза тапканын жана ондогону жабыркаганын айтты. Эртеси жарадарлардын саны 31 кишиге жеткени кабарланды.
Жергиликтүү тургундар чак түштө күтпөгөн жерден жарылуулардын добушу угулганда кайда барып жашынууну билбей далбастан калганын айтып беришти.

"Башыбыздан кечиргенди сүрөттөп да бере албайм. Кадимки жумуш күн болчу, шаардын борбору, кымгуут түшкөн көчө, кафелер элге толгон, бейкапар отурушкан. Бир кезде душман сокку урду", - деп айтты жергиликтүү бийликтин өкүлү Вячеслав Мамонов.

Ал күнү Чернигов жана Сумы аймактары да чабуулдарга кабылган.

Шаршембиде Орусия оккупациялаган Херсон облусундагы Новая Каховка шаардык кеңешинин төрагасы Владимир Леонтьев дрон чабуулунан мерт кеткени кабарланды. ТАССтын маалыматына ылайык, аны менен кошо дагы эки жергиликтүү тургун жарадар болду.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Разумное кыштагы украин пилотсуз учактарынын аткылоосуна туш болгонун телеграм каналына жазды.
Анын маалыматына караганда, эки жеңил машина өрттөндү.

Украин тарап бул кабарга байланыштуу комментарий жасай элек.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп согушту жөнгө салуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушууга тийиш деп кайталады.