Айсулуунун өлүмү: Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерине карата ички иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди. Министрлик милиция кызматкери каза болгон өспүрүм кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөрдү кылган деп айтылды. Окуучу кыздын өлүмү кыргыз коомунда курч реакцияларды жаратууда. Ал тапта президент Жапаров бул окуянын тергелишин жеке көзөмөлүнө алганы, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү тапшырганы кабарланды.