17 жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу талкуулар токтой элек. Бул үрөй учурган окуя кыргыз коомунда резонанс жаратып, укук коргоо, сот тармагына курч сындар айтылууда. Өлкө президенти Жапаров балдардын, кыз-келиндердин өлүмүнө забын болуп зордук жана зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. "Азаттыктын" кабарчылары каргашалуу окуя болгон жерге барып келди.
Кылмыш
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Мамлекет башчы жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү тапшырганы кабарланды. Бул демилге коомчулукта талкууланып, ача пикирлер айтылууда.