Шостка-Киев багытында каттаган жүргүнчү поезди Орусиянын армиясынын аткылоосуна кабылганын Сумы облусунун жетекчиси Олег Григоров билдирди.
Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба орусиялык аскерлер Шосткадагы темир жол бекетине эки ирет сокку урууга аракет кылган. Биринчи сокку Терещенская-Новоград-Северский каттамындагы жүргүнчү поездинин локомотивине тийди.
Кулебанын маалыматында, жүргүнчүлөр эвакуациялана баштагандан кийин экинчи сокку Шостка-Киев поездинин электровозуна тийген. Соккунун кесепетинен бир адам каза болуп, жети киши жараат алганы маалымдалды. Орусияны колдогон NEXTA live Телеграм-каналы соккулардын биринин видеосун жарыялады, анда сокку "Шахед" дрону менен жасалганы көрсөтүлгөн.
Украинада адам өлүмүнө алып келген бул окуяга байланыштуу аскердик кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. (KS)