Жекшембиге караган түнү Запорожье шаарына урулган соккулардын кесепетинен бир адам каза таап, дагы он киши жараат алганын облустук администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди.
Сегиз көп кабаттуу жана сегиз жеке турак үйгө зыян келтирилип, автоунаалар өрттөндү. Шаарда жана райондо 73 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калса, 290дон ашуун абоненттин үйүндө жаратылыш газы өчтү.
Федоров өзүнүн Телеграм-каналына жазгандай, душмандын аткылоосунан газ түтүктөрү талкаланып, көп кабаттуу үйлөрдө газ өчүрүлдү.
Львов облусунда түнкү чабуулдан улам бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болду, алардын арасында 15 жаштагы кыз да бар. Прокуратуранын маалыматында, Лапаевка айылында Орусиянын соккусунан бир турак үй кыйрап, үй-бүлө мүчөлөрү уранды алдында калган. Дагы алты адам жараат алды.
Львов шаарында Sparrow деп аталган индустриалдык парк күйүп кеткенин мэр Андрей Садовый билдирди. Мындан тышкары, шаардын айрым аймактары жарыксыз калды. Алдын ала маалыматта жабыркагандар жок.
Түнкү аба соккуларынан Черкассы районунда Орусиянын 13 дрону атып түшүрүлгөнүн Черкассы облусунун башчысы Игорь Табурец маалымдады.
Ишембинин кечинде Славянск шаарына коюлган чабуулда алты киши жараат алды, алардын арасында өспүрүм бар экенин Донецк облусунун прокуратурасы кабарлады. Шаарда кеминде 26 турак жай, 20дан ашык унаа, дүкөндөр менен кафелер зыян тартты.
Чернигов шаарында чабуулдан улам ишкана өрттөнүп кетти, ошондой эле энергетикалык объект жабыркап, шаардын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлдү.
Облустук администрациянын башчысы Вячеслав Чаус билдиргендей Нежин району да дрондордун чабуулуна кабылып, бир турак үй жабыркады.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, бир түндө Орусиянын армиясы өлкө аймагын 50 ракета, 500 дрон менен аткылаган.
"Бүгүн орусиялыктар биздин элдин туруктуу жашоосун камсыздап турган инфраструктурабызга кайрадан сокку урду. Америка жана Европа Путинди токтотуу үчүн аракет кылышы керек", - деп жазды Телеграм-каналында Зеленский.
Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн оперативдик командачылыгы чек арага жакын аймактардагы чабуулга байланыштуу"бардык процедуралар активдештирилгенин", абага аскердик авиация көтөрүлгөнүн маалымдады. Жердеги абадан коргонуу системалары жана радиолокациялык чалгындоо каражаттары даярдалган.
Орусия жай тургундарга чабуул жасабаганын жана аскердик объектилерди гана аткылап жатканын билдирип келет. (KS)