Непалда нөшөрдүн айынан ондогон адам каза тапты

Катманду, Непал.

Тынымсыз жааган жамгырдан улам Непалда сел жана жер көчкү жүрүп, бери дегенде 47 адам каза тапканын Reuters агенттиги билдирди.

Чыгыштагы тоолуу Иллам районунда бир катар кыштактарды жер көчкү алып, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Коси дарыясы кирип, кооптуу чектен өттү. Катмандуда бир канча жол жана үйлөр суу астында калып, борбор менен байланыш үзүлдү.

Катманду, Непал.

Синоптиктердин айтымында, Гималайда дүйшөмбүгө чейин жаан жаайт. Бийликтер өз кезегинде табигый кырсыктан сактануу үчүн бир катар чараларды көрүп жатканын билдирди.

Катмандунун көчөсүндө турган аял, Непал.

Непалда тоолуу райондордо жыл сайын муссон сезонунда сел жана жер көчкү жүрөт. Өткөн жылы октябрда аба ырайы бузулганда 224 адам каза таап, 158и жабыр тарткан.

Дагы караңыз

Чехиянын мурдагы премьер-министр Андрей Бабиштин партиясы парламенттик шайлоодо жеңдиУкраинанын бир нече аймагына 500дөй дрон чабуул койдуКвадрациклдерди колдонууда көзөмөл күчөтүлдүКыргызстан Ооганстанга 160 тонна гумжардам жеткирди