Шайлоодо талапкер көрсөтө турган үч партия БШКга арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясы үч саясий партия 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого өз талапкерлерин чыгаруу боюнча арыз бергенин билдирди.

Маалыматка ылайык, алар “Кырк ууз”, “Легалайз” жана “Ынтымак” партиялары.

Мыйзамга ылайык, эми саясий партиялар съезд өткөрүп, ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди жашыруун добуш берүү аркылуу аныкташы керек. Съезддин чечимдери партиянын мөөрү жана колу менен тастыкталып, БШКга берилет.

Саясий партиялар өзүнүн мүчөсү болбогон жарандарды да талапкер катары көрсөтө алат. Бирок башка партиянын мүчөсүн көрсөтүүгө жол берилбейт.

“Тизме түзүүдө жыныстык тең салмактуулукту сактоо зарыл. Бир жыныстагы талапкерлердин үлүшү 70 пайыздан ашпоого тийиш”, - деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

Учурда өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн БШКга арыз бергендердин саны 6-октябрга карата 50гө жетти.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Дагы караңыз

Бишкекте бир үйдөн эки адам өлтүрүлүп, шектүү изделип жататНепалда нөшөрдүн айынан ондогон адам каза таптыМамдепартамент: Украинада миңдеген кубалыктар орусиялык армиянын катарында согушуудаУкраинанын бир нече аймагына 500дөй дрон чабуул койду