Кыргыз өкмөтү улуттук валюта сомго байланган KGST жаңы санариптик активин чыгара турганын президент Садыр Жапаров 6-октябрда Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушууда билдирди.
Ал Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик санарип сом долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи.
“Жакынкы аралыкта аны реалдуу маалыматтарды колдонуу менен сыноо пландаштырылууда. Келечекте санарип сомду өлкө ичинде жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонууну кеңейтүү үчүн KGST менен интеграциялоо каралган”, - деп жазылган маалыматта.
Рейчел Конлан Кыргызстандын мындай демилгеси эл аралык кызыгууну жаратып жатканын белгиледи. Ал Binance компаниясынын өнөктөштүк тармагы жана колдонуучулардын ири базасы бар экенин, бул долбоорду илгерилетүүгө көмөктөшө аларын айтты.
Жолугушууда инновациялык жана коопсуз санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү боюнча сүйлөшүлгөн.
Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжао 3-майда Кыргызстанга келип, президент Жапаров менен жолугушкан. Кийинки күнү президенттин администрациясы Чжао мамлекет башчынын коомдук кеңешчиси болуп дайындалганын маалымдаган.
Чанпэн Чжао - CZ деген ат менен белгилүү Кытайда төрөлгөн канадалык ишкер. Ал 2017-жылы криптовалюта биржасындагы эң ири Binance компаниясын негиздеген.
2023-жылы АКШда Чжаого “акчанын изин жашырууга каршы мыйзамдарды бузган” деген негизде кылмыш иши козголуп, компаниянын башкы директору кызматынан кеткен.