Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° болот.

Дагы караңыз

Шайлоодо талапкер көрсөтө турган үч партия БШКга арыз бердиСадыр Жапаров Binance компаниясынын глобалдык директорун кабыл алдыДрон чабуулуна байланыштуу Орусияда алты аэропорттун иши убактылуу токтодуТаласта 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды