Ак-Ордодо бир туугандар бычакталып өлтүрүлдү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда үрөй учурган дагы бир кылмыш катталды. Бишкекте бир үйдөн эки адам өлтүрүлүп, шектүү дагы деле изделип жатат. Милиция үйгө кирген шектүүнүн фотороботун түзүп, коомчулукка жарыялады. Алдын ала маалыматтарда айтылгандай, каза болгон эки киши - бир туугандар болгон. Үйдөгү дагы бир аял балдары менен качып чыгууга үлгүргөн. Ички иштер министрлигинде тергөө тобу түзүлүп, ишти иликтөө уланып жатат.