Өлүм жазасы саясий куралга айланабы? Дүйнөлүк тажрыйба
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Үрөй учурган мыкаачылык, зөөкүрдүк менен адам өлтүрүү болгонун укканда кылмышкерди өлүм жазасына тартуу чакырыктары - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошол эле маалда укук коргоочулар соттун өкүмү чыккан күндө да дарга асуу же газ менен тумчуктуруу аркылуу адамды өлүм жазасына тартуу гумандуу чечим эмес экенин белгилешет. 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева киши колдуу болгондон кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү.