Келерки жылы жайында "Ысык-Көл форумун" өткөрүүгө даярдык башталды. Президент Садыр Жапаров кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиевди форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлү кылып дайындады.
Жапаровдун 6-октябрда жарыяланган жарлыгына ылайык, Койчиев чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, эл аралык уюмдарды, маданият, искусство, илимий, коомдук ишмерлердин өкүлдөрүн чакырууга, сүйлөшүү жүргүзүүгө укук алды.
Форумду өткөрүү ниети боюнча президент Садыр Жапаров алгач 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Кытайда өткөн саммитинде билдирген.
Ысык-Көл интеллектуалдык форуму алгач залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы уюштурулган. Бул иш-чарада цивилизациялык, маданий, саясий жана глобалдык маселелер талкууланат.