Израил Грета Тунберг жана 170 активистти депортациялады

Израил өкмөтү Газа тилкесине "Эркиндик флотилиясы" деп аталган кемелер менен гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган 171 активистти өлкөдөн депортациялады.

Активисттердин көпчүлүгү учак менен Грецияга жөнөтүлдү. Бир нечеси Словакияга барды, бул өлкө бийлиги кармалган жараны Петер Швесткинин бошотулушун талап кылып жаткан.

Израилден чыгарылгандардын катарында швециялык активист Грета Тунберг да бар. Аны бул мамлекет быйылкы жылдын эсебинен экинчи ирет депортациялады. Биринчи ирет июнда болгон жана анда да Израилдин аскер күчтөрү флотилиянын Газанын жээгине жетишине жол бербей, токтотушкан.

Депортация болгондордун катарында Батыш мамлекеттеринин, анын ичинде АКШнын, Британиянын, Италиянын, Франциянын жана Германиянын жарандары бар. Израилдин Тышкы иштер министрлиги алар “чагымчыл” деп мүнөздөп, кармалган 40тан ашык кемеден Газа үчүн болгону 2 тонна жүк табылганын билдирди.

“Израил, Италия, Греция жана Иерусалим патриархаты флотилияга Газага жардам жеткирүүнүн тынч жолун сунушташкан. Бирок флотилия муну четке каккан, анткени алардын максаты жардам жеткирүү эмес, чагым кылуу экенин билдиришкен", - деди Израил бийлиги.

Депортацияланган активисттер Израилди алардын укуктарын бузду жана катаал мамиле кылды деп айыпташты, аларга суу жана тамак берилбегенин, көздөрүн байлап, күнөөлөп, айрымдарына күч колдонушканын айтышты.

Флотилиянын кемелеринде жалпы 479 адам кармалган, алардын 341и буга чейин өлкөдөн чыгарылган.

Активисттер Израилден Газадагы согуштук операциясын токтотууну жана гуманитардык жардамга чектөөлөр алынышын талап кылууда.

Дагы караңыз

Келерки жылы Кыргызстанда "Ысык-Көл" интеллектуалдык форуму өтөтӨКМ жер титирөөдөн 13 имарат жабыркаганын билдирдиЧехия: Экс-премьер-министр Андрей Бабиштин партиясы парламенттик шайлоодо жеңди“Кыргызиндустриянын” мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов каза болгону кабарланды