Евробиримдик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата азыр талкууланып жаткан 19-санкция пакети алкагында орус дипломаттарынын Шенген аймагындагы саякаттарына чектөө киргизе турганы айтылууда. Бул тууралуу 7-октябрда “Эркин Европа/Азаттыктын” кабарчысы Рикард Йозвяк жана Financial Times гезити маалымдады.
Санкцияга байланыштуу кеңешүүлөрдө Венгриянын өкүлү Чехия жана бир нече башка өлкөлөр сунуштаган мындай чарага каршылыгын алып салды.
Болжолдонуп жаткандай, Евробиримдиктин мамлекеттеринде иштеген орус дипломаттары аккредитациядан өткөн өлкөдөн чыгуудан мурда каякка жана эмнеге барып жатканын биримдиктин тиешелүү өлкөлөрүнө билдирүүгө милдеттүү болушат.
Мурда Чехия мындай сапарларга толук тыюу салууну сунуштаган, бирок бул чаранын жумшартылган версиясы карала турган болуп жатат. Москва буга чейин мындай демилгени кабыл алынгыс деп атаган.
Чектөөлөрдү колдогондор Евробиримдиктеги өлкөлөрдө “диверсиялардын көбөйүшүнө” көңүл буруп, мындай терс көрүнүштөрдү дипломат катары катталып, иш жүзүндө орусиялык агент болгон адамдар уюштурушу ыктымал деп эсептешет. Орусия мындай дооматтарды четке каккан.
Чехия өкмөтү 30-сентябрда орус дипломаттарынын өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизген. Бул чара Чехиянын Тышкы иштер министрлигинен же эл аралык уюмдарда аккредитациядан өткөндөргө тиешелүү эмес. Ошондой эле Евробиримдиктен башка өлкөлөрдөн келаткан учурда гана текшерүү жүрөт, уюмга кирген мамлекеттерден келгенде көзөмөл болбойт.
Жаңы санкциялык пакет качан кабыл алынары азырынча белгисиз. 23-октябрга пландалган Евробиримдиктин саммитине чейин болбошу ыктымал.
Азырынча өлкөлөр Австриянын бизнесмен Олег Дерипаскага байланыштуу бир катар активдерге санкцияларды алып салуу боюнча сунушуна макул болбой турат. Венанын айтымында, бул чара Raiffeisen банкынын Орусиядагы жоготууларынын ордун толуктоо максатында каралган. Азырынча биримдиктеги 12 өлкөнүн элчилери бул сунушту колдобой жатат.
“Эркин Европа/Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, Словакия бул маселени келерки саммитке чейин талкуулоону талап кылууда.